Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 3-июлу № 513
Кыргыз Республикасында көмүртектин
нейтралдуулугуна жетүү боюнча концепцияны
жана Кыргыз Республикасында көмүртектин
нейтралдуулугуна жетүү боюнча концепциянын
биринчи этабын ишке ашыруу боюнча
иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
“2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактын конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Климаттык өзгөрүү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактын конвенциясы жана Париж макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерине ылайык буу түрүндөгү газдардын чыгарылышын кыскартуу боюнча иш-аракеттердин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетүү боюнча концепция (мындан ары – Концепция) 1-тиркемеге ылайык;
2) Концепциянын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Концепцияда жана Иш-чаралар планында көрсөтүлгөн иш-чараларды ишке ашыруу тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын алкагында жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары:
1) Иш-чаралар планын өз убагында аткарууну камсыз кылсын;
2) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15не чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25не чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А.Касымалиев