Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Атай айыл өкмөтүнүн айыл кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 11-майы № 2
Атай айылдык Кенештин регламентин бекитүү жөнүндө
Атай айыл аймагынын айылдык Кенешинин төрагасы Н.Жээнбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Атай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Жергиликтүү Кенештин регламенти бекитилсин.
2. Регламент менен таанышуу жана регламентке ылайык иш алып баруу жагы айылдык кенештин депутаттарына тапшырылсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин төрагасы Н.Жээнбаевге милдеттендирилсин.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Н.Т.Жээнбаев |