Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Атай айыл өкмөтүнүн айыл кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 11-майы № 3
Таштанды чыгарууга тариф бекитип берүү жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Атай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдин муктаждыгын чечүүдө жана айыл аймагында тазалыкты сактоо үчүн таштанды чыгарууга тариф ай сайын 50 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Таштанды чыгарууну уюштуруп иш жүргүзүү жагы Атай –Биримдик муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Шамыркан уулуна тапшырылсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо,социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Н.Т.Жээнбаев |