Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Атай айыл өкмөтүнүн айыл кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 11-майы № 4
Жазгы-күзгү көчүп конууда мыйзам бузууларга карата айып пул өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Атай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө мыйзамына ылайык” жайыттан көчүп келүү ички жайытка 15-сентябрь,айылга көчүп келүү 1- октябрда жургүзүлсүн.
2. Белгиленген мөөнөттөн эрте көчүп келсе мыйзам чегинде “Бузуулар кодексине”ылайык 5000 (беш мин)сом өлчөмүндө айып пул салынсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо,социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Н.Т.Жээнбаев |