Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Атай айыл өкмөтүнүн Айыл Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2022-жылдын 27-майы № 1
Атай айыл өкмөтүнүн аймагында 25.05.2022-жылдагы Атай жана Карл Маркс айылдарындагы элдик жыйындын протоколун бекитүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Атай Айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын 25.05.2022-жылдагы № 8 протоколу бекитилсин.Калкты турак жай менен камсыз кылуу максатында жаны калктуу конуштардагы жер тилкелерин кенейтип, турак жай салуу үчүн трансформацияга Сары Талаа 31га, Баракан 7га , Жабыр Талаа 12 га участоктору берилсин.
2. Берилген участокторду тактап документтерин бүтүрүү жер адис М.Асановго тапшырылсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Атай айылдык кенешинин “Агрардык маселелер жана жол курулуш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Н.Т.Жээнбаев |