Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Атай айыл өкмөтүнүн Айыл Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2022-жылдын 27-майы № 2
Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Таза сууну Атай Биримдик муниципалдык ишканасына кошуу жана убактылуу тарифти бекитүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Таза Суу жетекчиси жана Атай Биримдик муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Шамыркан уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Атай Айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таза сууну Атай Биримдик муниципалдык ишканага кошуу боюнча жаны устав иштеп чыгуу тапшырылсын.
2. Таза суунун убактылуу тарифи светке түтүнгө бир айга 150 сом, Коммерциялык колдонуучуларга (баня,муз тондуруу ж.б.) бир айга 500 сом, таштанды чыгарууга түтүнгө бир айга 50 сом болуп бекитилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Атай айылдык кенешинин “Пландоо-бюджет”боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Н.Т.Жээнбаев |