Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Атай айыл өкмөтүнүн Айыл Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2022-жылдын 27-майы № 3
Атай айыл өкмөтүнүн Атай айылынын тургуну Орозматова Зейнептин арызын негизинде чыгарылган токтомун кароо жөнүндө
Атай айыл аймагынын айылдык Кенешинин орун басары К.Манапбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Атай Айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн 24.05.2022-жылдагы №27 токтому канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Жер аянтын бөлүп, көзөмөлдөп берүү жагы Жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси М.Асановго милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Атай айылдык кенешинин “Мыйзамдуулук,укук тартибин сактоо,социалдык-маданий маселелер ”боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Н.Т. Жээнбаев |