Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Атай айыл өкмөтүнүн Айыл Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2022-жылдын 27-майы № 5
Атай айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салымга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Атай Айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагындагы Карл Маркс айылындагы Саймалуу Таш орто мектебинин ашкана жана китепканасынын курулуш иштерин толук бүткөрүү үчүн 210,0 (эки жүз он мин)сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салымга бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловго милдеттендирилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Атай айылдык кенешинин “Пландоо-бюджет”боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Н.Т. Жээнбаев |