Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНТН ТОКТОМУ
2022-жылдын 2-февралы № 74
Таштандыларды чыгаруу үчүн кызмат акы тɵлɵмүнүн тарифин бекитүү жɵнʏндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин, Чон-Сары-Ой айыл ɵкмɵтүнүн алдында түзүлгɵн Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун жетекчиси Ж.Калиевдин кайрылуусун карап талкуулап чыгып, Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү калкка кызмат кɵрсɵтүү максатында таштанды чыгаруу үчүн айыл аймакта жайгашкан соода түйүндɵрүнɵ кызмат кɵрсɵтүү тарифи бир соода түйүнүнɵ 1000(мин) сом ɵлчɵмү менен бекитилсин.
2.Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Чон-Сары-Ой айыл Ɵкмɵтʏнʏн башчысы У.Абдырахмановко ФЭБ нүн башчысы башкы эсепчи Ж.Учкемпировага жана кирешелер боюнча башкы адис Ж.Боромбаевке милдеттендирилсин.
4. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы “Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ɵнʏктʏрʏʏ боюнча” труктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |