Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНТН ТОКТОМУ
2022-жылдын 2-февралы № 94
«Таза айыл», «Таза кɵчɵ», «Υлгүлүү үй» наамына Чон-Сары-Ой айыл аймагында сынак өткөрүүнүн жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесинин 8-бɵлүгүнүн негизинде, 01.02.2022-жылдагы айыл ɵкмɵтүнүн башчысы У. Абдырахмановдун кайрылуусун карап, талкуулап чыгып, Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. «Таза айыл», «Таза кɵчɵ», «Υлгүлүү үй» наамына Чон-Сары-Ой айыл аймагында сынак өткөрүүнүн жобосун бекитүү жөнүндө жобосу колоого алынсын. (тиркеме 2-баракта).
2. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы У.Абдырахмановко жана Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн ФЭБнун башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.
3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ѳнүктүрүү», «Туризм, курортту ɵнүктүрүү жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология санитардык-ветеринардык коопсуздук ɵзгɵчɵ кырдаал боюнча» жана «Маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, калкты социалдык жактан коргоо, эмгек миграция коомдук уюмдар менен иш алып баруу жана дин маселеси боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |
|
| Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кенешинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 94 токтому менен бекитилген |
«Таза айыл», «Таза кɵчɵ», «Υлгүлүү үй» наамына Чон-Сары-Ой айыл аймагында сынак өткөрүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо айыл өкмөтүнүн калктын жашоосуна эң жакшы шарттарды түзүүдөгү иштерин колдоо, айылдын ички кɵчɵлɵрүн көрктөндүрүү жашылдандыруу, үйлɵрдүн сырткы келбеттерин жакшыртуу, үй тосмолорунун абалы, маданият мекемелеринин абалын жакшыртуу жана маданий мурасты сактоо, санитариялык-эпидемиологиялык абалды жакшыртуу максатында иштелип чыкты, ошондой эле «Таза айыл», «Таза кɵчɵ», «Υлгүлүү үй» наамына жалпы аймактык сынакты өткөрүү тартибин, сынакта жеңүүчүлөрдү аныктоо тартибин аныктайт.
2. Сынак бир жылдык мɵɵнɵттɵ өткөрүлөт. Сынакка айыл өкмөтүнүн аймактык атайын түзүлгɵн комиссия айыл ичин кыдыруу менен жургузɵт.
3. Сынактык комиссиялардын курамы жыл ичинде сынак башталганга чейин ɵзгɵрбɵйт.
4. Сынак отчеттук мезгилден кийинки жылдын акыркы айынын биринчи жумушчу күнүнөн тартып башталат.
5.Иш кагаздарын толуктоону, айыл ичиндеги тазалыкты кароону комиссия курамы ишке ашырат.
2. Сынактык комиссиялар
6. Сынак айыл аймак деңгээлинде түзүлүүчү сынактык комиссиялар тарабынан өткөрүлөт.
7. Аймактагы сынактык комиссиясы турак жай-коммуналдык чарба тутумунан, жарандык коомдон, айылдык Кенештин депутаттарынан, өкмөттүк эмес уюмдардын, 15 кишиден кем эмес санда түзүлөт.
8. Сынактык ɵкүлдɵрүнɵн комиссиялар төмөнкү эки топко бөлүп карайт:
9. Сынактык комиссиялардын отурумдары, эгерде ага комиссиянын мүчөлөрүнүн 2/3ден кем эмеси катышса мыйзамдуу болуп саналат. Сынактык комиссиялардын чечими отурумга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калган учурда, сынактык комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Сынактык комиссиянын жыйынтыктоочу отурумунун протоколуна төрага жана катчы кол коет.
3. Сынакты өткөрүүнү уюштуруу
10. Сынак маалымат өнөктүгүн жүргүзүүнү кошкондо эки этапта өткөрүлөт.
11. Биринчи этапта айыл аймактагы кɵчɵлɵрдүн талалыгын карайт (ар бир үйдүн тышкы келбети, дарбазасынын абалы жана тазалыгы)
12. Ушул Жобого ылайык ар бир пункту каралат.
- ушул Жобого ылайык «Таза айыл», «Таза кɵчɵ», «Υлгүлүү үй» наамына сынактык тандоо жүргүзүү үчүн кɵчɵнүн тазалыгы, дубалдардын санитардык абалы, фото отчеттор, видеолор боюнча критерийлерин баалоо.
Каралган документтер көрсөтүлгөн күн бүткөндөн кийин сынактык комиссиясы тарабынан үч айлык мөөнөттө каралат.
Сынактын биринчи аймактын сынактык комиссиясы берилген документтердин толук топтомун текшерет. Документтер баалоого ылайык каралат жана бааланат.
Сынактын биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча комиссиянын эң жогорку баллына ээ болгон ар бир айыл же бир кɵчɵ топтордун ар биринен бирден талапкер тандалып алынат жана талапкерди тандап алуу тууралуу чечим (протокол) менен бекитилет.
13. Сынактын экинчи этабында аймактык комиссиясы ушул аталган топтордун ар биринен бирден талапкерди тандайт. Талапкерлерди аныктоо тууралуу чечим (протокол) менен бекитилет.
Сынактын экинчи этабы сынактын биринчи этабы бүткөндөн он күн өткөндөн кийин бир айлык мөөнөттө өткөрүлөт.
14. Жалпы аймактык сынактык комиссия берилген материалдарды карап чыгат жана «Таза айыл», «Таза кɵчɵ», «Υлгүлүү үй» наамына жалпы сынактын жеңүүчүлөрүн аныктайт.
4. Сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо
15. Сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо кɵчɵнүн же үйдүн же айылдын ишин баалоо критерийлеринин ылайык жүргүзүлөт.
16. Сынактын үчүнчү этабынын жеңүүчүлөрү болуп комиссиянын эң жогорку баллына ээ болгон айыл же кɵчɵ үй саналат.
17. Сынактын жыйынтыктарын чыгарууда ушул Жобонун аталган ар бир топтон эң мыкты «Таза айыл», «Таза кɵчɵ», «Υлгүлүү үй» аныкталат:
Сынактын байге фонду төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлөт:
1-топ: «Таза айыл»
- 1-орун үчүн - 80000 сом; - 2-орун үчүн - 50000сом; - 3-орун үчүн -30000 сом.
2-топ: «Таза кɵчɵ»,
- 1-орун үчүн - 30000сом; - 2-орун үчүн -20000 сом; - 3-орун үчүн -10000сом.
3-топ «Υлгүлүү үй»
-1-орун үчүн -10000.сом; - 2-орун үчүн -8000сом; - 3-орун үчүн -5000сом. |
|
|
18. «Таза айыл», «Таза кɵчɵ», «Υлгүлүү үй» наамына жалпы аймактык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө чечим жалпы аймактык сынактык комиссиянын сунушу боюнча Чон-Сары-Ой айыл ɵкмɵтүнүн буйругу менен бекитилет.