Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНТН ТОКТОМУ
2022-жылдын 2-февралы № 95
Чон-Сары-Ой айыл аймагынын 2022-жылга карата атайын каражаттар боюнча бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бѳлүмүнүн 3-пунктун, Чоӊ-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Бает айылындагы бала бакчанын 2022-жылга карата атайын каражаттар бюджетинин киреше бөлүгүнүн көбөйгөндүгүнө байланыштуу, атайын каражаттар бюджетине өзгөртүү киргизүү маселесин карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чоӊ-Сары-Ой айыл аймагынын 2022-жылга карата атайын каражаттар бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 1260,0(бир миллион эки жүз алтымыш мин) сом, өлчөмүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолору менен бекитилсин.
2. Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Чон-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы У.Абдырахмановго жана ФЭБ нүн башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.
4.Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
5. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ѳнүктүрүү» жана «Маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, калкты социалдык жактан коргоо, эмгек миграция коомдук уюмдар менен иш алып баруу жана дин маселеси боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |