Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНТН ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-марты № 99
Жайлоого чыккан малдын багуудагы тарифин (баасын) бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесинин, Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жѳнүндѳ» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, жайыт жерлерди натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну, пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Жайыт комитетинин тѳрагасы Н. Ѳмүралиевдин кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. 2022-жылга малдын жайлоого баккан тарифи (баасы) айына бодо малга 500(беш жүз) сом, койго 70(жетимиш) сом менен бекитилсин.
2. Жайыт акыга төлөмдөр жайлоого мал алып чыккан малчылардын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Айыл аймактагы чабандардын жайлоого чыгуусу 2022-жылдын 01-апрелинен ал эми жайлоодон түшүшү 2022-жылдын 01-октябрына белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышы Жайыт комитетинин төрагасы Н. Өмүралиевке милдеттендирилсин.
5. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
6. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ѳнүктүрүү» жана «Маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, калкты социалдык жактан коргоо, эмгек миграция коомдук уюмдар менен иш алып баруу жана дин маселеси боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |