Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНТН ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-марты № 101
Жер тилкесин трансформациялоого макулдук берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Чон-Сары-Ой айыл аймагынын инвестициялык-экономикалык кɵрсɵткүчтɵрүн артыруу жана жерлерди эффективдүү пайдалануу максатында Сары-Ой айылында жайгашкан аянты 0.50 га “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Ɵзгɵчɵ корголуучу жаратылыш аймактары жерлери” категориясына которууга Адылбеков Нурлан Шаршебековичтин 27.12.2021-жылдагы кайрылуусун Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу Республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын 24.01.2021-жылдагы №27 корутундусу, Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу куурчап турган чɵйрɵнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин Ысык-Кɵл аймактык башкармалыгынын 22.09.2020-жылдагы №35-3/2020 корутундусу, Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ысык-Кɵл филиалынын 07.09.2020-жылдагы №320 каты, Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Кɵл районунун шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынын 11.08.2020-жылдагы №96-20 каты, Кыргыз Республикасынын Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин Ысык-Кɵл райондук ɵзгɵчɵ кырдаалдар бɵлүмүнүн 21.09.2020-жылдагы №37 корутундусу, Кыргыз Республикасынын энергетика жана ɵнɵр жай министрлигине караштуу геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агентигинин 10.08.2021-жылдагы №02-6/9112 каты, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 27.04.2021-жылдагы №04-3/1805 каты, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Кɵл райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун 21.09.2020-жылдагы №04-506 каты, Ысык-Кɵл райондук мамлекеттик администрациясынын 07.10.2021-жылдагы корутундусу, Чон-Сары-Ой айылдык Кенештин “Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча” туруктуу комитетинин 09.02.2021-жылдагы №2 протоколунун, протоколунун негизинде, карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Ой айылында жайгашкан аянты 0.50 га “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Ɵзгɵчɵ корголуучу жаратылыш аймактары жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Сары-Ой айылында жайгашкан аянты 0.50 га “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Ɵзгɵчɵ корголуучу жаратылыш аймактары жерлери” категориясына которуу жагы Ысык-Кɵл райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы У.Абдырахмановко жана Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн юристи Ж.Жанузаковго милдеттендирилсин.
4. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
5. Токтомду кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин “Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча” туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |