Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНТН ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-марты № 114
Жер тилкесине Сервитут белгилɵɵ жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесинин, жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 8-бɵлүгүнүн 55-56-57-58-59-беренесин, Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы У.Абдырахмановдун кайрылуусун, Ысык-Кɵл районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыны тарабынан 26.01.2022-жылдагы №01-06/64 корутундусу, Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ысык-Кɵл филиалынын 01.06.2021-жылдагы №303 корутундусун, Чон-Сары-Ой айылынын 16(он алты) айыл тургундарынын макулдашуу баракчасын карап, талкуулап чыгып, Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чон-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Чон-Сары-Ой айылынын түштүк чыгыш тарабындагы Гараж кварталынын айыл тургундары үчүн атайын жол уюштуруу үчүн сервитут белгиленсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы У.Абдырахмановго жана айыл ɵкмɵтүнүн юристи Ж.Жанузаковго милдеттендирилсин.
3.Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4. “Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча” туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |