Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНТН ТОКТОМУ
2022-жылдын 13-июну № 148
Чон-Сары-Ой айыл аймагындагы пляж жерлерин пайдалануу тартибин жɵнгɵ салуу жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесинин, Чон-Сары-Ой айыл ѳкмѳтүнүн экологу Н.Узбековдун кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чон-Сары-Ой айыл аймагындагы айылдык пляждардын жайкы туристтик мезгилге карата тазалыгын карап, ар кандай коопсуздуктардын алдын алуу менен санитардык жана экологиялык нормалардын сакталышын камсыз кылуу максатында айыл тургундарына убактылуу ижарага берилсин.
2. Айыл аймактагы айылдык пляждардын санитардык абалын жакшыртып,тазалыгын камсыз кылгандыгы үчүн ижара акысы алынбасын.
3. Айыл аймагындагы айылдык пляждарды алган айыл тургундары жайкы туристтик мезгилинде санитардык экологиялык талаптарды сактабаса Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексине ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышы Чон-Сары-Ой айыл Ɵкмɵтʏнʏн башчысы У.Абдырахмановко жана айыл Ɵкмɵтүнүн юристи Ж.Жанузаковго милдеттендирилсин.
5. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
6. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы “Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |