Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНТН ТОКТОМУ
2022-жылдын 13-июну № 147
Жайыт комитетинин айыл- чарба техникасынын кызмат акы тɵлɵмүнүн тарифин бекитүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесинин, Чон-Сары-Ой айыл аймагынын Жайыт комитетинин тɵрагасы Н.Ɵмүралиевдин 13.06.2022-жылдагы №14/4-1 кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чон-Сары-Ой айыл аймагындагы жергиликтүү калкка Жайыт комитетинин айыл чарба шайманынын (чɵп престегич) тарифи 1(бир) даана чɵптү престɵɵ 18 (он сегиз) сом менен бекитилсин.
2. Техникадан түшкɵн акча каражаты Жайыт комитетинин бюджетине кириштелсин.
3. Токтомду кɵзɵмɵлдɵ жагы Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы У.Абдырахмановко жана Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн ФЭБнун башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.
4. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
5. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ѳнүктүрүү» жана «Депутаттык иш, этика, мыйзамдуулук, укук коргоо, аскердик тарбия, спорт жана жаштар маселеси» боюнча туруктуу кмиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |