Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНТН ТОКТОМУ
2022-жылдын 13-июну № 146
Жер тилкесин трансформациялоого макулдук берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Чон-Сары-Ой айыл аймагынын инвестициялык-экономикалык кɵрсɵткүчтɵрүн артыруу жана жерлерди эффективдүү пайдалануу максатында Ѳрнѳк айылынын түндүк тарабынан жайыт жери болуп эсептелген 1,0 га жер тилкесин анын ичинен 0,52 га жайыт жер тилкесин (контур №2492) асыл тукумдуу, сүт багытындагы уйларды багуу максатында уй фермасын жана башка айыл чарба курулуштарын долборлоо жана курууга “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Айыл чарбалык эмес жерлердин түрлѳрүнѳ” которууга ошондой эле 0,48 га жайыт жер тилкеси (контур №2469) сүт иштетүүчү жана башка сүт азыктарын ѳндүрүү боюнча чакан ишкана, ага кошумча курулуштарын долборлоо жана курууга “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан ѳнѳр жайынын, транспорттун, байланыштын коргонуунун жана башка багытындагы жерлер категориясына Ашымбаев Мирлан Рысбековичтин 31.03.2022-жылдагы кайрылуусун, Ѳрнѳк айылынын жана жалпы калктын сүт азыктары менен камсыз кылуу асыл тукум мал ѳстүрүү максатында аталган 0,52 га жана 0,48га жайыт жер тилкеси мал ѳстүрүп багуу фермасын жана башка айыл чарба курулуштарын долбоорлоо жана курууга ылайык экени такталган “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын ичинен айыл чарбалык эмес жерлердин түрлѳрүнѳ которууга сунушталган 30.03.2022-жылдагы актынын, негизинде, карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ѳрнѳк айылынын жана жалпы калктын сүт азыктары менен камсыз кылуу асыл тукум мал ѳстүрүү максатында аталган 0,52 га жана 0,48га жайыт жер тилкеси мал ѳстүрүп багуу фермасын жана башка айыл чарба курулуштарын долбоорлоо жана курууга ылайык экени такталган “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын ичинен айыл чарбалык эмес жерлердин түрлѳрүнѳ которууга макулдук берилсин.
2. Ѳрнѳк айылынын жана жалпы калктын сүт азыктары менен камсыз кылуу асыл тукум мал ѳстүрүү максатында аталган 0,52 га жана 0,48га жайыт жер тилкеси мал ѳстүрүп багуу фермасын жана башка айыл чарба курулуштарын долбоорлоо жана курууга ылайык экени такталган “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясына которуу жагы Ысык-Кɵл райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы У.Абдырахмановко жана Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн юристи Ж.Жанузаковго милдеттендирилсин.
4.Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
5. Токтомду кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин “Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча” туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |