Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНТН ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-апрели № 135
Чон-Сары-Ой айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесинин, Чоӊ-Сары-Ой айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы У.Абдырахмановдун кайрылуусун карап, талкуулап чыгып, Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Чон-Сары-Ой айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча 2022-жылдын 8-апрелиндеги айыл аймакта болгон элдик жыйындын негизинде иштелип чыккан жобо колдоого алынсын. (1-тиркемеге 4-баракта)
2.Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы У.Абдырахмановко жана Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн ФЭБнун башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.
3. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ѳнүктүрүү» жана «Маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, калкты социалдык жактан коргоо, эмгек миграция коомдук уюмдар менен иш алып баруу жана дин маселеси боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |
|
| Тиркеме № 1
БЕКИТИЛДИ Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин Эл депутаттарынын Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз IX-сессиясынын 2022-жылдын 15-апрелиндеги №135 токтому |
Чон-Сары-Ой айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
Жобо
1.Жалпы жоболор;
2.Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби;
3.Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби;
4. Маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби;
5.Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары;
5.1 Жергиликтүү комиссия;
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.
1.Жалпы жоболор
1.1 Бул жобо “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын ирээтке келтирүү чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ№54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыккан, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2 Жобонун максаты айылдарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, ысырапкерчиликке, маркум ээсин мажбурлоо, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого жол бербөө, ата салтына терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1. Чон-Сары-Ой айыл аймагында, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары-жобо) иштеп чыгуу үчүн Чон-Сары-Ой айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.
2.2. Ушул жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жана массалык маалымат каражаттарына (интернет булактарына) жарыяланат. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
2.3 Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жана массалык маалымат каражаттарына (интернет булактарына) жарыяланат.
2.4. Жобого кызыккан жарандарга Чон-Сары-Ой айыл өкмөтү, Чон-Сары-Ой айылдык Кеңеши тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик той, тушоо кесүү той, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) той, куда тосуу, аны түштѳндүрүү, маараке салтанаттары ж.б. кирет.
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар Чон-Сары-Ой айыл аймагында жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
3.3 Үй-бүлөлүк салтанаттарга куда тосуудагы түштѳндүрүүгѳ тыюу салынат.
4. Маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
4.1. Маркумду эске алуу ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, куран окутуу) өткөрүүдө бир бодо малга чейин союлат.
4.2. Маркумду эске алуу ырым-жырымдары бир бодо малга чейин союуну эсепке албаганда Чон-Сары-Ой айыл аймагында калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча өткөрүлөт.
4.3 Маркумду эске алуу ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, куран окутуу) өткөрүүдө дасторкондо сары май, кант, боорсок койууга гана уруксаат берилет. Мындан тышкары жашылча жемиштердин ар кайсы түрлɵрүн дасторконго коюууга жана салаттын түрлɵрүн жасоого ошондой эле кургатылган жер жемиштер(курма,жангак,мейиз,ɵрүк ж.б.у.с) тыюу салынат.
4.4 Маркумду эске алуу ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, куран окутуу) өткөрүүдө аял заты маркум чыккан үйдɵн баштык кɵтɵрүп келүүсүнɵ жана баштык кɵтɵрүп кетүүсүнɵ тыюу салынат.
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн ирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кенештин депутаттары, аксакалдар соттору, маданият кызматкерлери, айыл башчылар, Жаштар уюмдары комиссия жана жергиликтүү комиссия кирет.
Бардык комиссиялар өздөрүнүн ишин документтештиришет.
5.1. Жергиликтүү комиссия
5.1.1. Жергиликтүү комиссия Чон-Сары-Ой айыл өкмөтүндө, түзүлѳт. Анын курамына Чон-Сары-Ой айыл ѳкмѳтүнүн, Чон-Сары-Ой айылдык кеңешинин депутаттары, маданият мекемесинин ардагерлери, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын, айылдык милиция бɵлүмүнɵн, жергиликтүү коомчулуктун ѳкүлдѳрү кирет. Жергиликтүү комиссия айыл ѳкмѳтүн башчысынын, буйругу менен бекитилет.
5.1.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчѳлѳрү маркумду эске алуу ырым-жырымы ѳткѳрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзѳт, маркум ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана кѳзѳмѳл жүргүзѳт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жѳнүндѳ журналга каттоо жүргүзѳт (же акт түзѳт), ал тууралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) кѳрѳт.
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Чон-Сары-Ой айыл аймагында үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымын ѳткѳрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ кодексине, жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдын, шаардын ички мыйзамдарына жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын ѳлчѳмдѳрү, салынган айыптарды тѳлѳѳ мѳѳнѳтү жана тартиби каралат.