Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНТН ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-марты № 121
Жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесинин, Ɵрнɵк айылынын тургуну Турдалиев Сталбек Шаршебаевичтин 24.02.2022-жылдагы арызы, Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы У.Абдырахмановдун 24.03.2022-жылдагы №317 кайрылуусун, карап, талкуулап чыгып, Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чон-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Ɵрнɵк айылынын тургуну Турдалиев Сталбек Шаршебаевичтин колдонуусундагы идент. №2-03-03-0030-1215, аянты 500 чарчы метр жер тилкеси Чоӊ-Сары-Ой айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигине бекитилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы У.Абдырахмановго жана айыл ɵкмɵтүнүн юристи Ж.Жанузаковго милдеттендирилсин.
3.Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4. “Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча” туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |