Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНТН ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-марты № 120
ТЖКЧ ж ЖТКТ нун айыл- чарба техникасынын кызмат акы тɵлɵмүнүн тарифин бекитүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесинин, Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн алдында түзүлгɵн ТЖКЧ ж ЖТКТ нун жетекчиси Ж.Калиевдин айыл чарба шайманынын кызмат кɵрсɵтүү тарифин бекитип берүү боюнча кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чон-Сары-Ой айыл аймагындагы жергиликтүү калкка Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн алдында түзүлгɵн ТЖКЧ ж ЖТКТ нун айыл чарба шайманынын кызмат кɵрсɵтүү тарифи жер айдоо соко менен (1га жер тилкеге 1000мин сом, сеялка 1га жер себүү 700 сом,) ɵлчɵмү менен бекитилсин.
2. Техникадан түшкɵн акча каражаты Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн алдында түзүлгɵн ТЖКЧ ж ЖТКТ нун бюджетине кириштелсин.
3. Токтомду кɵзɵмɵлдɵ жагы Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы У.Абдырахмановко жана Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн ФЭБнун башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.
4. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
5. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ѳнүктүрүү» жана «Депутаттык иш, этика, мыйзамдуулук, укук коргоо, аскердик тарбия, спорт жана жаштар маселеси» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |