Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-сентябры № 563
Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында көп кабаттуу турак жай комплексин куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 4-августундагы № 200 токтомун, Бишкек шаарынын мэриясынын жер комиссиясынын 2025-жылдын 29-июлундагы корутундусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын Октябрь районунун № 25, 27, 28 контурларында жайгашкан, Б.С. Дикамбаевдин жеке менчигинде турган жалпы аянты 1,7 га, анын ичинде 1,5 га огород, 0,2 га жайыт жер тилкеси “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу пайдаланууну;
3) курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесинин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) өздүк каражаттардын эсебинен аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн, социалдык-экономикалык өнүгүүнү уюштурууну;
5) көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык аларды сактоону;
6) автомобиль жолдорунун техникалык параметрлерин, “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ченемдерин жана талаптарын сактоону;
7) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкеси пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды алып коюуну жана баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
8) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары менен белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын төлөөнү;
9) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарбалык жүгүртүүгө киргизүүнү;
10) Чыңалуусу 1000 вольттон жогору электр тармактарын коргоо эрежелерине ылайык электр берүү аба линияларын коопсуз жана талаптагыдай эксплуатациялоо үчүн тиешелүү коргоо аралыктарын сактоону;
11) коомдук саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик актыларды сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 68 (3724) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |