Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-сентябры № 565
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында жайгашкан
жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында спорттук-реабилитациялоо борборун, социалдык-маданий жана тиричилик багытындагы объекттерди куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 25-июлундагы № 01-9-4461 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 10-февралындагы № 15 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагындагы № 1902, № 1907 контурларда жайгашкан, А. Нурланбековдун менчигинде турган, көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген, жалпы аянты 16,0 га жер тилкеси “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөөнү;
2) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
3) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
4) курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесинин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
5) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тийиштүү аймакта кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо боюнча колдонмону сактоону;
6) өздүк каражаттардын эсебинен аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн, социалдык-экономикалык өнүгүүнү уюштурууну;
7) Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталган учурда аларды сактоону;
8) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкеси пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны алып коюуну жана баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
9) “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесин сактоону;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 68 (3724) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |