Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 1-апрелиндеги №4/6
“Хелветас” уюму тарабынан “Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу” долбоору үчүн келип түшкөн каражатты бөлүү жөнүндө
Кара-Камыш айылдык кеңешинин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 28-мартындагы №15-корутундусун карап, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ-КЫЛАТ:
1. Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө “Хелветас” уюму тарабынан “Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу” долбоору үчүн келип түшкөн 125000 (жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты, жергиликтүү кординаторго – 14000 сом прочиеге, кофе жана обед үчүн – 59900 сом 22153100 статьяга, конц.товарга – 21100 сом-22221200 статьяга, айылдар арасында өтүүчү конкурстун приздерине – 30000 сом- 22221200 беренесине которулуп берилсин.
2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Камыш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кубанычбек уулу Фархатка жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага |
Айтымбет уулу Э |