Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 1-апрелиндеги №4/7
“Кара-Камыш айыл өкмөтүндөгү жер салыгынын аренда акысын бекитип берүү жөнүндө”
Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Султамуратовдун 21.01.2025-жылдагы кайрылуусунун негизинде Кара-Камыш айылдык кеңешинин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 28-мартындагы №19-корутундусун карап, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн бюджетин көтөрүү максатында Кара-Камыш айыл өкмөтүндөгү жер участокторунун ашыкча жер салыгынын ижара (аренда) акысы 30 (отуз) сомдон чегерилип берилсин.
2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Камыш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кубанычбек уулу Фархатка жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Камыш айылдык кеңешинин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага |
Айтымбет уулу Э |