Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 1-апрелиндеги №4/8
«Кара-Камыш айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине сунушталган талапкерлерди бекитүү жөнүндө»
Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Султамуратовдун 2025-жылдын 19-мартындагы «участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине сунушталган талапкерлерди бекитүү» жөнүндө кайрылуусун жана Кара-Камыш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартипти сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Камыш айыл аймагындагы №2327-Кызыл-Көл, № 2328-Турдүк, №2329-Кара-Суу, №2330-Кез-Арт, №2331-Кара-Жыгач, №2332-Сыны, №2431-Дардак-Дөбө шайлоо участкаларындагы шайлоо комиссиясынын жана резервинин курамына сунушталган талапкерлер тиркемеге ылайык белгиленсин.(тиркеме 14 баракта)
2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Камыш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кубанычбек уулу Фархатка жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага |
Айтымбет уулу Э |