РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 775-т (ТРАСЕКАнын бирдиктүү транзиттик уруксаты жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2025-жылдын 10-сентябры № 775-т

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 300-т тескемесинин редакциясына ылайык)

 

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:

1. ТРАСЕКАнын бирдиктүү транзиттик уруксаты жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 300-т тескемесинин редакциясына ылайык)

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев