Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 1-апрелиндеги №4/9
«Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 379,380-беренесине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жаткандыгына байланыштуу, турак жай имараттарына жана курулмаларына салык ставкасын 2025-2027-жылдарга колдонуу үчүн, төлөнүүчү акча каражатынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө»
Кара-камыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 22-январь 2025-жылдагы №01-3/80 сандуу кайрылуусуна жана айылдык Кеңештин «мыйзамдуулук, укук тартипти сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо» боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негизи Кара-Камыш айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 379-380-беренесине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жаткандыгына байланыштуу, турак жай имараттарына жана курулмаларына салык ставкасын 2025-2027-жылдарга колдонуу үчүн төлөнүүчү акча каражаты 30 (отуз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомду жетекчиликке алып, мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы Кара-Камыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Султамуратовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартипти сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Камыш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кубанычбек уулу Фархатка жүктөлсүн.
Төрага |
Айтымбет уулу Э |