Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-сентябры № 585
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 353 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акча каражаттарын кириштөө жана эсепке алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акча каражаттарын чегерүүнү жана эсепке алууну тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2020-жылдын 22-июнундагы № 353 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акча каражаттарын кириштөө жана эсепке алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акча каражаттарын кириштөө жана эсепке алуу тартибинде:
- 6, 7-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кайтарылып алынган каражаттарын эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан жүзөгө ашырылат.
7. 51 пайыздан ашык мамлекеттин үлүшү бар чарба жүргүзүүчү субъекттердин кайтарылып алынган каражаттарын эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан жүзөгө ашырылат.";
- 9-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган Тартиптин 1-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |