Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 1-апрелиндеги №4/10
«Кара-Камыш айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы эмес жерлердин салыгынын жана мүлк салыгынын коэффициентин көтөрүү жөнүндө»
Кара-камыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 20-январь 2025-жылдагы №01-3/55 сандуу кайрылуусуна негиз Кара-Камыш айылдык кеңешинин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 28-мартындагы №16-корутундусун карап, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Камыш айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы эмес жерлердин салыгынын жана мүлк салыгынын 1 (бир) коэффициенти инфиляцияны эске алып 1.02 коэффициент болуп бекитилсин.
2. Токтомду аткарылышын уюштуруу жагы Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиясияга милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Камыш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кубанычбек уулу Фархатка жүктөлсүн.
Төрага | Айтымбет уулу Э |