Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 252 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун (мындан ары - Турукташтыруу фонду) каражаттарын түзүүнүн жана пайдалануунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Турукташтыруу фонду - Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн түзүлгөн бюджеттен тышкаркы фонд.
2-глава. Турукташтыруу фондунун максаттары жана милдеттери
3. Турукташтыруу фондунун негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо;
2) экономиканын жагымсыз тышкы факторлордун таасиринен көз карандылыгын төмөндөтүү;
3) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо.
4. Турукташтыруу фондунун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) айрым иш-чараларды каржылоо;
2) финансылык жана башка инструменттерге, анын ичинде баалуу металлдарга инвестициялоо.
5. Турукташтыруу фондунун акча каражаттары төмөнкү максаттарга багытталат:
1) мамлекеттик социалдык-экономикалык программаларды ишке ашыруу;
2) негизги фонддорду түзүү, көбөйтүү, жаңылоо, модернизациялоо;
3) экономиканын тармактарын өнүктүрүү;
4) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу башка иш-чаралар.
3-глава. Турукташтыруу фондун түзүүнүн булактары жана тартиби
6. Турукташтыруу фондунун каражаттарын түзүүнүн булактары:
1) стратегиялык объекттерди менчиктештирүү;
2) жалпы мамлекеттик маанидеги жер казына участокторун сатуу;
3) Турукташтыруу фондун башкаруудан түшкөн инвестициялык кирешелер;
4) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу башка каражаттар (мындан ары - башка каражаттар) болуп саналат.
7. Башка каражаттар төмөнкүдөй тизмекти камтыйт, бирок алар менен чектелбейт:
1) юридикалык жана жеке жактардын, Кыргыз Республикасынын резиденттеринин жана резидент эместеринин ыктыярдуу чегерилген каражаттары;
2) укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын депозиттик эсептеринен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтуруу түрүндө которулган каражаттар;
3) ыктыярдуу негизде которулган жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын максаттарына карама-каршы келбеген башка каражаттардын түшүүлөрү;
4) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуунун шарттарын жана тартибин аныктаган тартипке ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган администрациялоочу эсептин каражаттары;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгүндө мурда каралбаган башка акча каражаттары;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык республикалык бюджеттин чыгымдарын кайра бөлүштүрүү;
7) республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө республикалык бюджеттин кирешелеринин бир бөлүгүн Турукташтыруу фондуна которуунун каралган суммасы.
8. Бул Тартиптин 6-пунктунун 1, 2 жана 4-пунктчаларына ылайык алынган каражаттар андан ары Турукташтыруу фондуна которуу үчүн республикалык бюджеттин ресурстарында жана чыгымдарында эсепке алынат.
9. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралбаган каражаттар ага өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетине жазуу жүзүндө кабарлоо менен Турукташтыруу фондуна которулат.
10. Турукташтыруу фондун башкаруудан түшкөн инвестициялык кирешелер түздөн-түз анын эсептерине түшөт.
11. Бул Тартиптин 7-пунктунун 1-3-пунктчаларына ылайык акча каражаттары тиешелүү казыналар аралык тапшырмалар аркылуу тиешелүү депозиттик эсептерден республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгүнө түшөт жана андан кийин республикалык бюджеттин чыгашалар бөлүгү аркылуу Турукташтыруу фондуна которулат.
12. Турукташтыруу фондунун акча каражаттары бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы эсептеринде (сомдук жана валюталык) топтолот, алар Турукташтыруу фондунун акча каражаттарын эсепке алуу үчүн бир консолидацияланган эсеп катары каралат.
13. Турукташтыруу фондунун акча каражаттарын эсепке алуу боюнча эсептерди тейлөө регламенти ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосунда түзүлгөн келишимде каралат.
4-глава. Турукташтыруу фондун башкаруу
14. Турукташтыруу фондунан каражат бөлүү жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Президенти кабыл алат.
15. Башкаруунун аткаруу органы - Турукташтыруу фондуна акча каражаттарын которууну, Турукташтыруу фондунун эсептерин башкарууну, ошондой эле ушул Тартиптин 5-пунктуна ылайык иш-чараларды каржылоону камсыз кылуучу Турукташтыруу фондунун администратору болуп эсептелген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
16. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар Турукташтыруу фондунан каражаттарды алууга укугу бар субъекттер болуп саналат.
17. Турукташтыруу фондунан каражат бөлүү жөнүндө кайрылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин атына жөнөтүлөт. Кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча жактырылган учурда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан Турукташтыруу фондунан каражаттарды бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин чечиминин долбоору даярдалат.
18. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Турукташтыруу фондунан каражат бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин чечиминин долбоорун Турукташтыруу фондунун эсебиндеги каражаттардын учурдагы калдыгын эске алуу менен карайт.
19. Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими кабыл алынгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чечимде көрсөтүлгөн иш-чараларды каражаттарды алуучулардын кайрылууларына ылайык, ошондой эле Турукташтыруу фондун толуктоо булактарынын түшүүсүнө карата каржылоо боюнча тиешелүү жол-жоболорду жүзөгө ашырат.
20. Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча Турукташтыруу фондунун каражаттары белгиленген тартипте бюджеттик мыйзамдарга ылайык бюджеттик кредит түрүндө, ошондой эле кайтарымдык негизде башка формада берилиши мүмкүн.
21. Бюджеттик мекемелер Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерине ылайык бөлүнгөн Турукташтыруу фондунун каражаттарын пайдалануу үчүн коммерциялык банктарда эсеп ачууга уруксат алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу.
5-глава. Отчеттуулук
22. Каражаттарды алуучулар Турукташтыруу фондунун акча каражаттарынын сакталышы жана максаттуу пайдаланылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
23. Каражаттарды алуучулар Турукташтыруу фондунан алынган каражаттар боюнча квартал сайын отчет түзүшөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга беришет. Бул отчет финансылык отчеттуулукту дагы камтууга тийиш.
24. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Турукташтыруу фондунун каражаттарынын келип түшүүсү жана пайдаланылышы жөнүндө отчетту түзөт жана квартал сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берет.
25. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу башка сырды коргоону камсыз кылууну эске алып, жыл сайын өзүнүн расмий сайтында Турукташтыруу фондунун каражаттарынын келип түшүүсү жана пайдаланылышы жөнүндө отчетту отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майына чейин жарыялайт.
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 252 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 313 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун (мындан ары - Турукташтыруу фонду) каражаттарын түзүүнүн жана пайдалануунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Турукташтыруу фонду - Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн түзүлгөн бюджеттен тышкаркы фонд.
2-глава. Турукташтыруу фондунун максаттары жана милдеттери
3. Турукташтыруу фондунун негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо;
2) экономиканын жагымсыз тышкы факторлордун таасиринен көз карандылыгын төмөндөтүү;
3) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо.
4. Турукташтыруу фондунун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) айрым иш-чараларды каржылоо;
2) финансылык жана башка инструменттерге, анын ичинде баалуу металлдарга инвестициялоо.
5. Турукташтыруу фондунун акча каражаттары төмөнкү максаттарга багытталат:
1) мамлекеттик социалдык-экономикалык программаларды ишке ашыруу;
2) негизги фонддорду түзүү, көбөйтүү, жаңылоо, модернизациялоо;
3) экономиканын тармактарын өнүктүрүү;
4) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу башка иш-чаралар.
3-глава. Турукташтыруу фондун түзүүнүн булактары жана тартиби
6. Турукташтыруу фондунун каражаттарын түзүүнүн булактары:
1) стратегиялык объекттерди менчиктештирүү;
2) жалпы мамлекеттик маанидеги жер казына участокторун сатуу;
3) Турукташтыруу фондун башкаруудан түшкөн инвестициялык кирешелер;
4) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу башка каражаттар (мындан ары - башка каражаттар) болуп саналат.
7. Башка каражаттар төмөнкүдөй тизмекти камтыйт, бирок алар менен чектелбейт:
1) юридикалык жана жеке жактардын, Кыргыз Республикасынын резиденттеринин жана резидент эместеринин ыктыярдуу чегерилген каражаттары;
2) укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын депозиттик эсептеринен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтуруу түрүндө которулган каражаттар;
3) ыктыярдуу негизде которулган жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын максаттарына карама-каршы келбеген башка каражаттардын түшүүлөрү;
4) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуунун шарттарын жана тартибин аныктаган тартипке ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган администрациялоочу эсептин каражаттары;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгүндө мурда каралбаган башка акча каражаттары;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык республикалык бюджеттин чыгымдарын кайра бөлүштүрүү;
7) республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө республикалык бюджеттин кирешелеринин бир бөлүгүн Турукташтыруу фондуна которуунун каралган суммасы.
8. Бул Тартиптин 6-пунктунун 1, 2 жана 4-пунктчаларына ылайык алынган каражаттар андан ары Турукташтыруу фондуна которуу үчүн республикалык бюджеттин ресурстарында жана чыгымдарында эсепке алынат.
9. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралбаган каражаттар ага өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетине жазуу жүзүндө кабарлоо менен Турукташтыруу фондуна которулат.
10. Турукташтыруу фондун башкаруудан түшкөн инвестициялык кирешелер түздөн-түз анын эсептерине түшөт.
11. Бул Тартиптин 7-пунктунун 1-3-пунктчаларына ылайык акча каражаттары тиешелүү казыналар аралык тапшырмалар аркылуу тиешелүү депозиттик эсептерден республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгүнө түшөт жана андан кийин республикалык бюджеттин чыгашалар бөлүгү аркылуу Турукташтыруу фондуна которулат.
12. Турукташтыруу фондунун акча каражаттары бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы эсептеринде (сомдук жана валюталык) топтолот, алар Турукташтыруу фондунун акча каражаттарын эсепке алуу үчүн бир консолидацияланган эсеп катары каралат.
13. Турукташтыруу фондунун акча каражаттарын эсепке алуу боюнча эсептерди тейлөө регламенти ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосунда түзүлгөн келишимде каралат.
4-глава. Турукташтыруу фондун башкаруу
14. Турукташтыруу фондунан каражат бөлүү жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Президенти кабыл алат.
15. Башкаруунун аткаруу органы - Турукташтыруу фондуна акча каражаттарын которууну, Турукташтыруу фондунун эсептерин башкарууну, ошондой эле ушул Тартиптин 5-пунктуна ылайык иш-чараларды каржылоону камсыз кылуучу Турукташтыруу фондунун администратору болуп эсептелген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
16. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар Турукташтыруу фондунан каражаттарды алууга укугу бар субъекттер болуп саналат.
17. Турукташтыруу фондунан каражат бөлүү жөнүндө кайрылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин атына жөнөтүлөт. Кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча жана жактырылган учурда, Турукташтыруу фондунан каражаттарды бөлүүнү демилгелеген субъект Кыргыз Республикасынын Президентинин чечиминин долбоорун даярдайт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына белгиленген тартипте киргизет.