Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 1-апрелиндеги №4/11
«Кара-Камыш көлүнө АРИС программасынын негизинде келген 29 боз үйлөрдү айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө»
Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн сунушун жана Кара-Камыш айылдык кеңешинин депутаттарынын билдирүүлөрүнүн угуп, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. CASA-1000 Жергиликтүү коомчулукту колдоо долбооруна кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында Кара-Камыш көлүнө келген 29 (жыйырма тогуз) боз үй мыйзам чегинде Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Мыйзам чегинде баланска алуу жагы Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Султамуратовго жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Камыш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кубанычбек уулу Фархатка жүктөлсүн.
Төрага | Айтымбет уулу Э |