Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-сентябры №624
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 “Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын, катчыларынын жана мүчөлөрүнүн ишине дем берүү, шайлоо комиссияларына жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткарууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, 14-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жɵнүндɵ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 “Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө” токтомуна тɵмɵнкүдɵй ɵзгɵртүү киргизилсин:
– жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1, 2-тиркемелери ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү мезгилинде округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө сый акыларды төлөөгө байланышкан чыгымдарды өз убагында каржылоону камсыз кылсын жана белгиленген тартипте “Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиешелүү ɵзгɵртүүлɵрдү киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнɵ кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
Тиркеме
“1-тиркеме
Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү мезгилинде аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын
төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө жана
ишке тартылган операторлорго сый акынын
ɵлчɵмдөрү
№ | Аталышы | Сый акылардын өлчɵмдөрү (сом менен) | Тɵлɵɵ мɵɵнɵтү |
1 | Аймактык шайлоо комиссиясынын тɵрагасы | 8 000 | Ай сайын |
2 | Аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы | 6 000 | Ай сайын |
3 | Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчɵсү | 4 000 | Ай сайын |
4 | Участкалык шайлоо комиссиясынын тɵрагасы | 6 000 | Ай сайын |
5 | Участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы | 5 000 | Ай сайын |
6 | Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчɵсү | 3 000 | Ай сайын |
7 | Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчɵсү (автоматтык эсептɵɵчү урналардын оператору) | 4 000 | Ай сайын |
8 | Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчɵсү (шайлоолорду жана референдумдарды ɵткɵрүү мезгилинде жарандарды идентификациялоо боюнча жабдуунун оператору) | 4 000 | Ай сайын |
9 | Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү мезгилине жарандарды идентификациялоо боюнча техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуучу ишке тартылган операторлор (участкалык шайлоо комиссиялары үчүн) | 4 000 | Иштөө мезгилинде |
2-тиркеме
Округдук шайлоо комиссияларынын төрагаларына,
катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын
өлчөмдөрү
№ | Аталышы | Сый акылардын өлчɵмдөрү (сом менен) | Тɵлɵɵ мɵɵнɵтү |
1 | Округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы | 10 000 | Ай сайын |
2 | Округдук шайлоо комиссиясынын катчысы | 7 000 | Ай сайын |
3 | Округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү | 5 000 | Ай сайын |
”.