Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 604 токтомуна) |
Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу уюмдар тарабынан кызматкерлердин башка жерге ишке которулгандыгына байланыштуу алардын чыгымдарынын ордун толтуруу ТАРТИБИ
1. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу уюмдар (мындан ары - уюмдар) тарабынан кызматкерлердин чыгымдарынын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын аймагында башка жерге (башка калктуу конушка) иш берүүчү менен алдын ала келишим түзүү боюнча которуу тартибинде ишке которулган учурда төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүзөгө ашырылат:
1) кызматкердин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагынын ичинде көчүү боюнча чыгымдары -жол жүрүү документтери менен ырасталган иш жүзүндөгү чыгымдарынын өлчөмүндө, бирок жол кире наркынан жогору эмес:
- аба транспорту менен - экономикалык класс салонунда;
- автомобилдик транспорт менен - жалпы пайдалануудагы автотранспорт каражатында (таксиден тышкары).
Иш жүзүндөгү чыгымдарды ырастаган жол жүрүү документтери жок учурда, чыгымдардын орду толтурулбайт;
2) үй-бүлөгө 3000 (үч миң) килограммга чейинки салмактагы жана сандагы мүлктү автомобиль транспорту (жалпы пайдалануудагы) менен ташуу боюнча чыгымдар - иш жүзүндө жумшалган чыгымдардын өлчөмүндө. Чыгымдардын орду жүктүн салмагын жана ташуу наркын көрсөтүү менен көрсөтүлгөн каттам боюнча мүлктү ташуунун товардык-транспорттук коштомо кагазы болгон учурда толтурулат. Товардык-транспорттук коштомо кагаз жок болгон учурда мүлктү ташуу боюнча чыгымдар төлөнбөйт;
3) жаңы жашаган жерге жайгашуу боюнча чыгымдар кызматкерге төмөнкүдөй төлөнөт:
- жаңы жумуш орду боюнча кызматтык маянасынын өлчөмүндө (бир айлык тарифтик ставка) бир жолу;
- кызматкер башка жерге (башка калктуу конушка - 100 км ашык) кызматка которулганда иштеген мезгилине, кызматтык жай жок болгон учурда - тиешелүү документтер менен ырасталган иш жүзүндөгү чыгымдарынын өлчөмүндө, бирок суткалык чыгымдардын ченеминин 80 пайызынан көп эмес.
Чыгымдар кызматкердин арызынын негизинде, мекеменин финансы органына бир айдын ичинде берилген, убактылуу турак жайды (турак аянтты) ижарага алуу келишиминин көчүрмөсүн, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын анын жана аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде ушул жерде турак жайы (турак аянты) жок экендиги жөнүндө маалымкатын тиркөө менен төлөп берилет.
Кызматкерге убактылуу турак жайды ижарага алуу боюнча чыгымдарды төлөп берүү белгиленген тартипте таризделген ижара келишими күчүнө кирген күндөн тартып жүзөгө ашырылат.
Эгерде иш берүүчү кызматкерге тиешелүү жүрүү каражаттарын берсе, ушул пункттун 1, 2-пунктчаларында каралган чыгымдардын орду толтурулбайт.
2. Эгерде кызматкердин башка жерге жумушка баруусу менен байланышкан чыгымдарынын ордун жабуунун өлчөмүн күн мурунтан так аныктоо мүмкүн болбосо, иш берүүчү менен алдын ала макулдашуу боюнча аванс берилет. Аванстын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген жол жүрүү жана турак жайды жалдоо ченемдерине ылайык белгиленет.
Жол жүрүү документтери жана мүлктү ташуу документтери менен ырасталбаган, жол кире жана мүлктү ташуу үчүн арналган аванстын бөлүгү отчеттук документтер берилгенден кийин 14 жумуш күндүн ичинде иш берүүчүгө кайтарып берилүүгө тийиш.
Аванстын ырасталбаган бөлүгүн кайтарып берүү тартиби ушул Тартиптин 6-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат (ыктыярдуу түрдө же Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген чектерде кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугунун негизинде эмгек акысынан кармап калуу жолу менен).
3. Эгерде үй-бүлө мүчөлөрү кызматкер тиешелүү жерде кызматтык милдеттерин аткара баштаган күндөн тартып бир жыл өткөнгө чейин көчүп келсе, кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн көчүп келүүсү, алардын мүлкүн ташуу, ошондой эле жаңы жашаган жерге жайгашуусу боюнча чыгымдар кайтарылып берилет. Көрсөтүлгөн чыгымдарды төлөп берүү үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: мурдагы жашаган жеринен көчүрмө, кызматкердин жаңы жашаган жери боюнча каттоосу жөнүндө документ, ошондой эле балдардын, ата-энелердин, асырап алуучулардын туулган күндөрүн, үй-бүлө көчүп келген калктуу конуштун аталышын жана анын келген күнүн көрсөтүү менен үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамы жөнүндө калкты мамлекеттик каттоо органынын маалымкаты.
4. Эгерде кызматкер өзүнүн демилгеси боюнча башка жерге кызматка которулуп жатса, чыгымдардын орду толтурулбайт.
5. Ушул Тартиптин 1-пунктундагы белгиленген өлчөмдөрдө чыгымдардын ордун толтуруу кызматкерди которуу зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алган иш берүүчү тарабынан кызматкерлердин башка жерге жумушка баруусу менен байланышкан иш-чараларды ишке ашырууга республикалык бюджеттен уюмга бөлүнгөн ассигнованиелердин чегинде, же болбосо каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен жүзөгө ашырылат.
Иш берүүчү көрсөтүлгөн чыгымдарды эсепке алат жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде белгиленген тартипте алардын пайдаланылышы жөнүндө отчеттун берилишин камсыз кылат.
6. Кызматкер башка жерге ишке баруусуна байланыштуу төлөнгөн каражаттарды толугу менен кайтарууга милдеттүү, эгерде ал:
- белгиленген мөөнөттө жүйөсүз себептер менен ишке киришпесе;
- эмгек келишиминде аныкталган иш мөөнөтү аяктаганга чейин, ал эми белгилүү мөөнөт жок болсо - иштеген бир жыл аяктаганга чейин жүйөсүз себептер менен өз каалоосу боюнча иштен бошосо же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек келишимин токтотууга негиз болгон күнөөлүү аракеттерди жасагандыгы үчүн бошотулса.
Каражаттар тиешелүү негиздер келип чыккан күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде кайтарылып берилүүгө тийиш.
Кайтарып берүү ыктыярдуу түрдө же болбосо Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 96-беренесинде белгиленген чектерде кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугунун негизинде эмгек акысынан кармап калуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 49-беренесине ылайык тиешелүү документтер менен ырасталган себептер боюнча кызматкерге көз каранды болбогон, эмгек ишин улантууга тоскоолдук кылган жагдайлар жүйөлүү себеп деп таанылат.
7. Ушул Тартипте каралган кепилдиктер жана компенсациялар кызматкерге негизги жумуш орду боюнча гана берилет.
8. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 6-беренесинин 7-бөлүгүндө башка жерге ишке барууда чыгымдардын ордун толтуруунун башка өлчөмдөрү белгиленген кызматкерлердин категорияларына карата колдонулбайт.