Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 619 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын (мындан ары – Атайын комиссия) курамын жана иш тартибин аныктайт.
2. Атайын комиссия төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
– соттолгонго эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөө жерин аныктайт;
– соттолгондорду чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн түрмөгө же өзгөчө режимдеги түзөтүү абагына жиберүү боюнча чечим кабыл алат;
– соттолгондорду тарбия абактарынан түзөтүү абактарына которуу жөнүндө чечим кабыл алат.
2-глава. Атайын комиссиянын ишин уюштуруу
жана анын курамы
3. Атайын комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
– Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын жетекчисинин биринчи орун басары – Атайын комиссиянын төрагасы;
Атайын комиссиянын мүчөлөрү:
– өкүм аткаруу жана атайын эсепке алуу бөлүмүнүн жетекчиси же анын милдетин аткарган адам;
– ыкчам бөлүмдүн жетекчиси же анын милдетин аткарган адам;
– тарбия бөлүмүнүн жетекчиси же анын милдетин аткарган адам;
– медициналык бөлүмдүн жетекчиси же анын милдетин аткарган адам.
4. Атайын комиссиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын жетекчисинин чечими менен бекитилет.
5. Комиссиянын мүчөлөрү кызмат линиялары боюнча Атайын комиссиянын кароосуна берилген маалыматтын аныктыгын жана документтерди даярдоону камсыз кылат.
6. Атайын комиссиянын уюштуруу ишин (материалдарды даярдоо, жыйыналыштарды уюштуруу) Атайын комиссиянын катчысы – өкүм аткаруу жана атайын эсепке алуу бөлүмүнүн кызматкери камсыз кылат. Атайын комиссиянын катчысы Атайын комиссия тарабынан чечим кабыл алууда добуш берүү укугуна ээ эмес.
7. Атайын комиссиянын жыйналышы жума сайын видеоконференциялык байланыш режиминде өткөрүлөт.
8. Атайын комиссиянын жыйналышынын ишине түзөтүү мекемелеринин жана тергөө изоляторлорунун башчылары катышууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын башка кызматкерлери тартылышы мүмкүн.
9. Атайын комиссиянын чечими кворум болгондо Атайын комиссиянын жеке курамынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, Атайын комиссиянын жыйынга катышкан бардык мүчөлөрүнүн колу коюлат жана ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча протокол менен таризделет. Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү болуп саналат. Анын чечимине макул болбогон Атайын комиссиянын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири протоколго кошо жазылат.
3-глава. Соттолгонго эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү
жазаны өтөө үчүн жерин аныктоо тартиби
10. Тергөө изоляторлорунун администрациялары соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргени жөнүндө билдирүү алгандан кийин, соттолгондордун жаза өтөө жерин аныктоо үчүн ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча тизмесин түзүп, аны жума сайын Атайын комиссиясынын кароосуна киргизип турат.
11. Атайын комиссия Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 72-беренесине ылайык соттолгонго эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөө жерин аныктайт.
12. Атайын комиссиянын алкагында ишти жүзөгө ашырууда анын мүчөлөрү төмөнкү негизги принциптерди жетекчиликке алат:
– мыйзам алдында баарынын теңдиги;
– өз алдынчалуулук жана көз карандысыздык;
– кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик.
13. Атайын комиссия соттолгонго эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөө жерин төмөнкүлөрдү эске алуу менен аныктайт:
– мурун эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөгөн жерин;
– жубайынын жана жакын туугандарынын жашаган жерин;
– соттолгондун инсандыгын;
– ден соолугунун абалын;
– террористтик жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондугун;
– өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондугун жана өмүр бою эркиндигинен ажыратууну ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдарды;
– соттордун жана укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкерлеринин соттолгонун;
– соттолгондун уюшкан топторго же кылмыштуу коомдоштуктарга таандыктыгын;
– кошо кылмыш жасаган соттолгондорду жаза өтөө үчүн ар башка жаза өтөөчү жерлерге жиберүүнү;
– соттолгондун жеке коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгын;
– режимдик жана тарбиялык-профилактикалык иш-чараларды өткөрүүнү.
14. Соттолгонго жаза өтөө жерин аныктоо Атайын комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 72-беренесинде белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт.
15. Атайын комиссиянын чечиминин негизинде жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын өкүм аткаруу жана атайын эсепке алуу бөлүмү тарабынан ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча соттолгондорду түзөтүү мекемелерине жиберүүгө наряд жазылат.
4-глава. Соттолгондорду тарбия абактарынан түзөтүү абактарына которуунун тартиби
16. Соттолгондорду тарбия абактарынан түзөтүү абактарына которуу Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 139-беренесине ылайык Атайын комиссиянын чечими менен жүргүзүлөт.
17. Жыйырма үч жашка толгон бардык соттолгондор жазасын андан ары өтөө үчүн мекеменин башчысынын сунуштамасы боюнча Атайын комиссиянын чечими менен тарбия абагынан тиешелүү режимдеги түзөтүү абагына которулат, ал сунуштаманы жана материалдарды Атайын комиссияга 10 жумуш күндүн ичинде жөнөтөт.
18. Атайын комиссия ушул главанын 17-пунктунда аталган сунуштаманы жана материалдарды карайт жана ушул Жобонун 9-пунктунда белгиленген тартипте протоколду тариздейт.
19. Аталган протоколдун негизинде өкүм аткаруу жана атайын эсепке алуу бөлүмү тарабынан ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча соттолгондорду түзөтүү мекемелерине жиберүүгө наряд жазылат.