Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-сентябры № 574
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында “Жалал-Абад шаарынын “Жеңиш” паркын модернизациялоо жана башкаруу” долбоорун “долбоордук кум коргон” режиминде
ишке ашыруу жөнүндө
Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” паркын модернизациялоо жана башкаруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун “долбоордук кум коргон” режиминде ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 18-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында “Жалал-Абад шаарынын “Жеңиш” паркын модернизациялоо жана башкаруу” долбоорун “долбоордук кум коргон” режиминде ишке ашыруу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик мамлекеттик өнөктөштү аныктасын жана кызыкдар тараптын атынан “Турсумамат” жоопкерчилиги чектелген коому менен “долбоордук кум коргон” режиминде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө расмий тилдеги макулдашууга кол койсун.
3. Жогоруда аталган долбоорду, анын ичинде финансылык бөлүгүн деталдуу иштеп чыгуу ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашууга кол коюлгандан кийин мамлекеттик жана жеке өнөктөш тарабынан жүргүзүлөт деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 69 (3725) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |