Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-октябры № 626
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 189 “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарда:
– 7-пункттун 3-пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санарип сабаттуулукка ээ болуусу.”;
– 13-пункттун 1-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– атайын билим каралган кызмат орундарынан тышкары, жогорку билим;”;
– 14-пункттун 1-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– атайын билим каралган кызмат орундарынан тышкары, жогорку билим;”;
– 15-пункттун 1-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– атайын билим каралган кызмат орундарынан тышкары, жогорку билим;”;
– 16-пункттун 1-пунктчасынын экинчи, үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн – атайын билим каралган кызмат орундарынан тышкары, жогорку билим;
– муниципалдык кызматчылар үчүн – атайын билим каралган кызмат орундарынан тышкары, жогорку же орто кесиптик билим;”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 356 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
– 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Кызматчы өзүнүн күнөөсүн чын дилинен моюнга алганда, комиссия кызматчынын чын дилинен моюнга алуусунда көрсөтүлгөн фактылардын чындыкка ылайык келишин текшерет жана алар ырасталган учурда мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин дарегине корутунду киргизет, анда жасалган жоруктун оордугу жана мүнөзү тууралуу маалыматтар жана кызматчыга карата жазанын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө сунуш көрсөтүлөт.”;
– 22-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан учурда, электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу бир нече адам (комиссия мүчөлөрү) тарабынан түзүлгөн кызматтык кат (акт) таризделет. Түшүндүрмө берүүдөн баш тартуу жазаны колдонуу үчүн тоскоол болбойт.”.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 75 (3731) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |