Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 5-февралындагы №3/1
«Кара-Камыш айыл аймагынын 2025-2029-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүдө” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык Кара-Камыш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартипти сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап,Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-2029-жылдарга карата Кара-Камыш айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Программада камтылган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Камыш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Т.Султамуратовго тапшырылсын.
3. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Камыш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартипти сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жана бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Айтымбет уулу Э |