Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 05-февралындагы №3/2
«Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетун угуу, 2025-жылга бюджеттин жана 2026-2027-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө»
Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Султамуратов 2024-жылдагы аткарган иштери боюнча отчетун жана 2025-жылга карата бюджеттин аткарылышынын долбоорун угуп, талкуулап, Кара-Камыш айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү, өздүк бекитилген киреше 22 643,5 (жыйырма эки миллион алты жүз кырк үч мин беш жүз) сом, теңдөөчү грант 10 690,2 (он миллион алты жүз токсон мин эки жүз) сом, кошулуп, жалпысы: 33 333,7 (отуз үч миллион үч жүз отуз үч мин жети жүз) сом суммасында № 1 тиркемеге негиз бекитилсин.
2. Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгашалары болжолдуу көлөмү № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга бюджетинин болжолдуу долбоору № 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Ата-энелер төлөмдөрүнөн түшүүчү 1 198,0(бир миллион жүз токсон сегиз мин) сом акча каражаты 2025-жылга атайын каражаттар бөлүгүнө планга кошулсун.
5.Өзгөчө кырдал жана өзгөчө кырдаалдын алдын алуу иш-чараларга жумшалуу акча каражат 800,0 сом бөлүнсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 2 пайызга чейинки же болбосо 450,0 (торт жүз элүү мин) сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
7.Кыргыз Респуликасынын Финансы министрлигинин Аксы финансы башкармалыгын тарабынан берилген кошумча уведомленияларга негиз бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана айылдык кенешке сунуш берүү жагы Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Сейитбек уулу Кудаярга милдеттендирилсин.
8. Айыл өкмөттүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында салык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрү боюнча аткарууну айыл өкмөттүн кирешелер боюнча адиси Сейитбек уулу Кудаярга милдеттендирилсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403-токтомунун редакциясына ылайык айыл өкмөттүн 15 айылына айыл аймактын администрациясы болуп саналган калктуу пункттан тышкары 14 айылга (он торт) айыл башчы, контрак негизинде айлык акысынын денгээлинде, жана 4656 милдеттүү жана аскерге чакырылуусу бар, жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо максатында 2(эки) аскердик учетко алуу кызматкери, айлык акылары контракт негизинде айлык акысынын денгээлинде каралып бекитилсин.
10. 01.01.2025-жылдын башынан үнөмдөлгөн калган 4320,9 мин сом калдык эсебинен, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110- беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде 500,0( беш жүз мин ) сом өлчөмүндө бекитилсин. Ал эми калган калдык каражаты №4-тиркемеге ылайык сарпталсын.
11. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кенештин бюджет жана каржы комиссиясына билдирүү берип туруу жагы Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Сейитбек уулу Кудаярга милдеттендирилсин
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Назарбековго жүктөлсүн.
Төрага | Айтымбет уулу Э |