Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 5-февралындагы №3/5
«Кара-Камыш айылдык кеңешинин депутаттарынын этика кодексин бекитүү жөнүндө»
Кара-Камыш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартипти сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Камыш айылдык кеңешинин депутаттарынын этика кодекси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген депутаттык этика кодексинин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Камыш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартипти сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
3. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага |
Айтымбет уулу Э |