Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-августу № 493
2025-жылдын 20-февралында Эль-Кувейт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен
Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Кызматташуу боюнча биргелешкен комиссия түзүү тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2025-жылдын 20-февралында Эль-Кувейт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Кызматташуу боюнча биргелешкен комиссия түзүү тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө тиркелген меморандум бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Меморандумду ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу кувейт тарапка кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 19-августундагы № 62 (3718) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |