Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 5-февралындагы №3/7
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө” № 26 сандуу токтомун аткаруу максатында кошумча кызматтарды аппарат кызматкерлерине аткарууга бекитип берүү жөнүндө»
Кара-Камыш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартипти сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 26 сандуу токтомунун негизинде, элдин жашоо тиричилигине керек болгон муктаждыктарды жеңилдетүү максатында жогоруда аныкталган (1-үлүш жери боюнча тактама, 2-жашоо шарты боюнча тактама, 3-өтүп кеткен жарандардын балдары менен чогу жашагандыгы жөнүндө маалымдама, 4-мал, жандыгы боюнча тактамаларды) муниципалдык кызматтары, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине кошумча аткарууга бекитилип берилсин.
2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Камыш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кубанычбек уулу Фархатка жүктөлсүн;
3. Ушул токтом Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага |
Айтымбет уулу Э |