Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 5-февралындагы №3/8
«Кара-Камыш айыл аймагынын административдик чек араларын тактоо долбоорунун материалдарын карап чыгуу жөнүндө»
Кара-Камыш айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, экология, чек ара маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдагы шифр-1352 номурдагы Кара-Камыш айыл аймагынын административдик чек араларын тактоо долбоорунун материалдарын карап чыгып, талкуулап Кара-Камыш айылдык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын Кара-Камыш айыл аймагынын административдик территориясынын чек араларынын 2024-жылдагы шифр-1352 номурдагы чийилген картасынын долбоору Кара-Камыш айыл аймагынын элинин кызыкчылыгына каршы келгендиги белгиленсин.
2. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун 1982-жылдын № 2946-Х чечиминин негизинде мурдагы Кара-Жыгач жана Топ-Жангак селсоветинин административдик территориясынын чек араларынын чегинде Кара-камыш айыл аймагынын административдик территориясынын чегине толук калтырып, картасын чийип берүү жагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-камыш айылдык кеңешинин төрагасына жана айыл чарба, жер, экология, чек ара маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Камыш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кубанычбек уулу Фархатка жүктөлсүн.
Төрага |
Айтымбет уулу Э |