Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 160 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-сентябры № 606
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 20-августундагы № 506 “Айыл чарба
жаныбарларын (ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду
жана эчкилерди) Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып
чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына базар бааларын турукташтыруу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-августундагы № 506 “Айыл чарба жаныбарларын (ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди) Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– мамлекеттик оператор – “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коому экспорттоочу, ушул пунктта көрсөтүлгөн тирүү малды.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
“11. Бул токтомдун 1-пунктунун бешинчи абзацы 2025-жылдын 10-сентябрынан тартып күчүнө кирет деп белгиленсин.”.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн айыл чарба жаныбарларын мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 10-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 73 (3729) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |