Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-сентябры № 573
Баалуу кагаздарды жана глобалдык депозитардык тил каттарды жайгаштыруу жана жүгүртүү үчүн салыктык жеңилдиктер жайылтылуучу чет өлкөлүк биржалардын тизмегин бекитүү жөнүндө
Баалуу кагаздарды жана глобалдык депозитардык тил каттарды чыгаруу жана жүгүртүү үчүн ыңгайлуу шарттарды, ошондой эле инвестициялык каражаттарды тартуунун натыйжалуу механизмин түзүү максатында, калк үчүн финансылык инструменттердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуучу жана кирешелердин альтернативдүү булагын кошумча түзүүчү чет өлкөлүк биржаларда листингге ээ болгон баалуу кагаздардан түшкөн кирешелерге салыктык жеңилдиктерди берүүгө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 191, 213, 249-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Баалуу кагаздарды жана глобалдык депозитардык тил каттарды жайгаштыруу жана жүгүртүү үчүн салыктык жеңилдиктер жайылтылуучу чет өлкөлүк биржалардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 69 (3725) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Баалуу кагаздарды жана глобалдык депозитардык тил каттарды жайгаштыруу жана жүгүртүү үчүн салыктык жеңилдиктер жайылтылуучу чет өлкөлүк биржалардын ТИЗМЕГИ
1. Athens Exchange (ASE/ATHEX), Греция;
2. Abu Dhabi Securities Exchange (ADX), Бириккен Араб Эмираттары;
3. Dubai Financial Market (DFM), Бириккен Араб Эмираттары;
4. New York Stock Exchange (NYSE), АКШ;
5. Nasdaq Stock Market (NASDAQ), АКШ;
6. Kazakhstan Stock Exchange (KASE), Казакстан;
7. Astana International Exchange (AIX), Казакстан;
8. London Stock Exchange (LSE), Улуу Британия;
9. Luxembourg Stock Exchange (LuxSE), Люксембург;
10. Toronto Stock Exchange (TMX TSX), Канада;
11. Euronext Dublin (ISE), Ирландия;
12. Euronext Amsterdam (AEX), Нидерланды;
13. Euronext Brussels (XBRU), Бельгия;
14. Vienna Stock Exchange (WBAG), Австрия;
15. Hong Kong Stock Exchange (HKEX), Гонконг;
16. Shanghai Stock Exchange (SSE), Кытай;
17. Saudi Stock Exchange (Tadawul), Сауд Аравиясы;
18. Swiss Exchange (SIX), Швейцария;
19. The International Stock Exchange (TISE), Гернси;
20. Tokyo Stock Exchange (TSE), Япония;
21. Singapore Exchange (SGX), Сингапур;
22. Deutsche Borse (XFRA), Германия;
23. Московская Биржа (MOEX), Россия Федерациясы;
24. СПБ Биржа (SPBE), Россия Федерациясы;
25. Frankfurter Wertpapierborse (FWB), Германия;
26. Chicago Board Options Exchange (Cboe Global Markets, Inc.), АКШ;
27. Borsa Istanbul (BIST), Түркия.