Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 3 октябры ПЖ № 276
Геостационардык эмес спутник системаларын колдонуу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасын тездетилген санариптик өнүктүрүү, санариптик теңсиздикти жоюу жана инновациялык телекоммуникациялык технологияларды ишке киргизүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311-беренесин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) 2025-жылдын 6-октябрынан тартып 2026-жылдын 5-октябрына чейин геостационардык эмес спутник системаларынын (LEO – Low-altitude Earth Orbit, MEO Medium-altitude Earth Orbit) негизинде телекоммуникациялык тармактарды пайдалануу менен Интернет тармагына, анын ичинде жетүүгө кыйын региондордо жеткиликтүүлүктү берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырсын;
2) пилоттук долбоордун максаттары төмөнкүлөр болуп эсептелет деп белгиленсин:
– геостационардык эмес спутник системаларын пайдалануу менен технологияны эксперименттик (тесттик) колдонуу;
– ар түрдүү технологияларды колдонуу менен радио жыштык ресурсун пайдаланган телекоммуникациялык тармактардын электромагниттик шайкештигин аныктоо;
– геостационардык эмес спутник топторун колдонуу менен спутник телекоммуникацияларынын иштөөсү үчүн техникалык жана укуктук тоскоолдуктарды аныктоо;
– геостационардык эмес спутник системаларын пайдалануу менен телекоммуникациялык тармактардын андан ары иштөөсүнүн техникалык жана укуктук шарттарын аныктоо;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 146 “Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына ылайык белгиленген спутник кызматы тарабынан пайдалануу үчүн бөлүштүрүлгөн Ku, Ka диапазонундагы радио жыштыктардын статусун өз ара зыяндуу тоскоолдуктарды жаратпастан, эксклюзивдүү эмес, биргелешкен жана экинчи негизде берилүүчү, ар түрдүү кызматтардын радиоэлектрондук каражаттарынын жана түзүлүштөрүнүн көрсөтүлгөн диапазонду бир убакта пайдалануусуна жол берген эксклюзивдүү эмес катары аныктасын;
4) пилоттук долбоордун катышуучулары электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр болуп саналат деп белгиленсин;
5) пилоттук долбоордун мезгилинде анын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматка (мындан ары – Пилоттук долбоордун тармактык жөнгө салуучусу) радио жыштык спектрин пайдалануу үчүн тиркемеге ылайык эсептелүүчү акыны төлөйт деп белгиленсин;
6) пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды камтыган отчетту киргизсин.
2. Пилоттук долбоордун тармактык жөнгө салуучусу:
1) пилоттук долбоордун катышуучуларына пилоттук долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүнө Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Ku жана Ka диапазондорундагы радио жыштык спектрин тесттик убактылуу эксплуатациялоого жазуу жүзүндө макулдук берсин. Радио жыштык спектрин эксплуатациялоо тиркемеге ылайык “а)” формуласы боюнча белгиленген өлчөмдө аны пайдалануу үчүн акы төлөнгөндөн кийин эксклюзивдүү эмес, биргелешкен жана экинчи негизде жүргүзүлөт.
2) пилоттук долбоордун катышуучулары үчүн төмөнкүдөй милдеттенмелерди белгилесин:
– ыйгарым укуктуу органдардын телекоммуникациялык тармактарда атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүсү үчүн уюштуруу жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, ошондой эле аталган иш-араларды өткөрүү формаларын жана методдорун ачууга жол бербөө боюнча чараларды көрүү;
– Кыргыз Республикасында уруксат берүүчү документтердин негизинде иштеген геостационардык спутник байланыш системаларын жана жер үстүндөгү радиоэлектрондук каражаттарды зыяндуу тоскоолдуктардан коргоону камсыз кылуу;
– тоскоолдуктар пайда болгондо Пилоттук долбоордун тармактык жөнгө салуучусунан тиешелүү кабарламаны алган учурдан тартып бир сутканын ичинде аларды жоюу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү;
– Пилоттук долбоордун тармактык жөнгө салуучусунан пилоттук долбоорго ишке тартылган же тартылбаган пайдалануучу түзүлүштөрдү (станцияларды/терминалдарды) өчүрүү зарылдыгы жөнүндө кабарлама алганда аларды өчүрүү боюнча токтоосуз чараларды көрүү;
– Кыргыз Республикасынын аймагында роумингди пайдаланган чет өлкөлүк колдонуучуларды кошкондо, алар тарабынан колдонулган түзүлүштөрдө (станцияларда/терминалдарда) кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуучулардын саны, ошондой эле берилген кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө маалыматтарды берүү;
– жер үстүндөгү станцияга түздөн-түз туташуу менен маалыматтарды берүүнүн жергиликтүү оператору аркылуу улуттук коопсуздук органдарына маалымат берүү;
– квартал сайын Пилоттук долбоордун тармактык жөнгө салуучусуна отчеттук кварталдан кийинки экинчи айдын 1ине чейинки мөөнөттө Пилоттук долбоордун тармактык жөнгө салуучусу тарабынан белгиленген формалар боюнча отчетторду берүү;
– электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү болуу жана берилген электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнөн алынган пайданын 0,9 пайыз өлчөмүн байланыш тармагын өнүктүрүүгө чегерүү, ал толук көлөмдө республикалык бюджетке которулууга тийиш. Алынган каражаттарды андан ары бөлүштүрүү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн чегерүүлөр квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин төлөнөт;
– радио жыштык спектрин пайдалануу үчүн тиркемеге ылайык белгиленген өлчөмдөгү акыны төлөө.
Жогоруда аталган милдеттенмелерди аткарбоо Пилоттук долбоордун тармактык жөнгө салуучусунун бузууга жол берген катышуучуга карата пилоттук долбоорго катышуусун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алуусуна негиз болуп саналат;
3) пилоттук долбоор үчүн бөлүнгөн жыштыктар диапазонунда долбоордун катышуучулары тарабынан электромагниттик шайкештикти сактоо боюнча талдоону жүргүзсүн;
4) пилоттук долбоорго төмөнкүлөрдү караган үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзсүн:
– пайдаланылган түзүлүштөр (станциялар/терминалдар), кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында роумингди пайдаланган чет өлкөлүк пайдалануучулардын саны, ошондой эле берилүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө маалыматтарды кошкондо, пилоттук долбоорлордун катышуучуларынан маалыматтарды топтоо жана жалпылоо;
– радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү жайгаштыруу үчүн пилоттук долбоор үчүн аныкталган жыштыктардын диапазонунда радио жыштык спектрин колдонгон башка субъекттерден жана кызматтардан маалыматтарды топтоо жана жалпылоо;
– пилоттук долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында укуктук мамилелердин субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган фактыларды, анын ичинде келип түшкөн даттануулардын негизинде аныктоо жана жалпылоо;
5) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги менен биргеликте пилоттук долбоор аяктаганга чейин эки ай мурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине пилоттук долбоор үчүн бөлүнгөн жыштыктардын диапазонунда геостационардык эмес спутник системаларын пайдалануу менен телекоммуникациялык тармактардын андан ары иштөөсү үчүн зарыл болгон укуктук жана техникалык чараларды кабыл алуу жөнүндө сунуштарды, анын ичинде радио жыштык спектрин пайдалануу үчүн акынын өлчөмү боюнча сунуштарды камтыган пилоттук долбоордун алдын ала жыйынтыктарын киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети пилоттук долбоордун катышуучулары тарабынан ушул Жарлыктын 2-пунктунун 2-пунктчасында каралган милдеттенмелердин аткарылышын талдоонун негизинде пилоттук мезгил аяктаганга чейин эки айга чейинки мөөнөттө улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине геостационардык эмес спутник системаларын пайдалануу менен телекоммуникациялардын операторлорунун тармактарында ыкчам-издөө иш-чараларынын системаларынын иштөөсүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алган зарыл болгон техникалык жана укуктук чараларды көрүү боюнча сунуштарды киргизсин.
4. Бул Жарлык менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын байланыш чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |