Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы № 637 токтомуна |
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү
жана инновациялар министрлигине караштуу
Жогорку аттестациялык комиссия жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 85 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия (мындан ары – ЖАК) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу функциясын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик илимий-эксперттик орган болуп эсептелет.
ЖАК Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук уюму болуп саналат.
ЖАК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана мыйзам алдындагы актыларын, башка ченемдик укуктук актыларды, анын ичинде ушул Жобону жетекчиликке алат.
Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелери боюнча ишин жүргүзүүдө ЖАКтын ишинин негизги принциптери болуп мыйзамдуулук, компетенттүүлүк, көз карандысыздык эсептелет.
ЖАКтын ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана атайын казыналык эсептерде топтолгон каражаттардын, анын ичинде эл аралык келишимдердин жоболорунун алкактарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат. ЖАКтын мүлкү Кыргыз Республикасынын менчигинде турат жана ЖАКка оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет.
ЖАК юридикалык жак статусуна ээ, анын мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, алыш-бериш эсеби жана башка эсептери, бекитип берилген мүлкү бар.
2-глава. ЖАКтын милдеттери
2. ЖАКтын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун улуттук системасынын иштешин камсыз кылуу;
2) диссертациялык кеңештерди түзүү максатында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын (мындан ары – ЖОЖ) жана илимий жана илимий-изилдөө мекемелеринин илимий-изилдөө ишин аттестациялоо;
3) диссертациялык кеңештердин, ЖАКтын президиумунун иштешин камсыз кылуу;
4) илимдин доктору, кандидаты окумуштуулук даражаларын жана окумуштуулук наамдарды изденүүчүлөргө карата бирдиктүү квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу жана камсыз кылуу;
5) илимдин доктору, кандидаты окумуштуулук даражаларын жана окумуштуулук наамдарын изденүүчүлөрүн аттестациялоо;
6) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларга болгон илимий-өндүрүштүк жана социалдык чөйрөнүн муктаждыктарын эске алуу менен аларды аттестациялоонун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү;
7) жарандык коомдун жана мамлекеттин актуалдуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн колдонуу максатында илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын жайылтууга катышуу;
8) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө катышуу.
3. ЖАК өзүнө жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун улуттук системасынын абалын талдайт жана өнүгүшүн болжолдойт, аны өркүндөтүү боюнча чараларды көрөт;
2) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо чөйрөсүндөгү жогорку жана ЖОЖдон кийинки билим берүү мекемелери, илимий жана илимий-техникалык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
3) Министрликтин буйругу менен бекитилген жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун жана илимий-изилдөө мекемелеринин илимий-изилдөө ишин аттестациялоону жүргүзөт;
4) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо, илимдин доктору, кандидаты окумуштуулук даражаларын берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу, нострификациялоо жүргүзүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
5) Илимий адистиктердин номенклатурасын иштеп чыгат жана бекитет;
6) диссертациялык кеңештердин өтүнүч каттарынын негизинде илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражаларын берет же бул өтүнүч каттарды четке кагат;
7) диссертацияларды (илимий доклад түрүндөгү диссертацияларды) коргоо боюнча диссертациялык кеңештерди түзөт, алардын курамын бекитет, аларга методикалык жардам көрсөтөт, алардын ишин контролдойт жана токтото турат, кайра улантат жана токтотот;
8) диссертациялык кеңештерден, ЖОЖдордун жана/же илимий жана илимий-техникалык уюмдардын окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңештеринен келип түшкөн документтерге техникалык текшерүү жүргүзөт;
9) Окумуштуулук наамдар ыйгарылуучу адистиктердин тизмегин иштеп чыгат жана бекитет;
10) ЖОЖдордун жана/же илимий жана илимий-техникалык уюмдардын окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңештеринин өтүнүч каттарынын негизинде профессор, доцент жана улук илимий кызматкер окумуштуулук наамдарын ыйгарат же өтүнүч каттарды четке кагат;
11) документтерди кароо учурунда ТОР 500 QS World University Rankings жана Times Higher Educationге кирген мекемелер тарабынан берилген дипломдорду, аттестаттарды кошпогондо, чет мамлекеттерде берилген окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө документтерге нострификация (теңештирүү) жүргүзөт;
12) мамлекеттик үлгүдөгү илимдин доктору жана кандидатынын дипломдорунун, окумуштуулук наамдардын аттестаттарынын; окумуштуулук даражалардын, окумуштуулук наамдардын эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүктөрдүн дизайнын, техникалык талаптарын жана тариздөө тартибин иштеп чыгууга катышат;
13) жаңы катар номери менен дубликаттарды берет (арыз ээсинин аты-жөнү өзгөргөн учурда документтер жаңысына алмаштырылбайт);
14) илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражалардан жана окумуштуулук наамдардан ажыратуу (калыбына келтирүү) маселелерин, ошондой эле ЖАКка келип түшкөн апелляцияларды, жарандардын кайрылууларын белгиленген тартипте карайт;
15) бекитилген диссертациялардын эсебин жүргүзөт жана жыл сайын Министрликке тиешелүү отчет берет;
16) архив түзөт жана аттестациялык иштерди жана башка документтерди сактоону жүзөгө ашырат;
17) ЖАКтын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча эл аралык, анын ичинде мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоого катышат;
18) ЖАК тарабынан басылып чыгарылган илимий мезгилдүү журналга макалаларды жарыялоону жүзөгө ашырат;
19) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоого байланышкан, мыйзамдарда каралган башка функцияларды жүргүзөт.
4. ЖАК өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелери боюнча маалыматтарды суроого жана алууга;
2) диссертациялык кеңештердин ишин контролдоого;
3) диссертациялык кеңештердин ишин токтото турууга (токтотууга, кайра улантууга);
4) диссертациялык кеңештердин илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражаларды берүү жөнүндө өтүнүчтөрүн четке кагууга;
5) ЖОЖдордун жана/же илимий жана илимий-техникалык уюмдардын окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңештери менен жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүгө;
6) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелери боюнча адистиктердин шифрлери ылайык келген эксперттерди ишке тартууга, алардын ишинин шарттарын аныктоого;
7) илимий жетекчилерди (илимий кеңешчилерди), расмий оппоненттерди жана эксперттерди жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоого катышуу укугунан ажыратууга;
8) илимдин доктору, кандидаты окумуштуулук даражаларынан жана окумуштуулук наамдарынан ажыратууга (калыбына келтирүүгө);
9) илимдин доктору, кандидаты окумуштуулук даражаларын берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу, чет мамлекеттерден алынган окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө документтерди нострификациялоо маселелери боюнча түшүндүрмө берүүгө;
10) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардын диссертацияларынын маалымат базасын ЖАКтын расмий сайтына жайгаштырууга;
11) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелери боюнча эл аралык конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышууга;
12) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелери боюнча илимий жана маалыматтык-методикалык бюллетендерди, журналдарды жана башка материалдарды басып чыгарууга;
13) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
3-глава. ЖАКтын ишин уюштуруу
5. ЖАКты Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин (мындан ары – министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы – министрдин орун басары (мындан ары – ЖАКтын төрагасы) жетектейт. ЖАКтын төрагасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
ЖАКтын төрагасынын ага түздөн-түз баш ийген орун басары болот, ал ЖАКтын төрагасынын сунушу боюнча министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. ЖАКтын төрагасынын орун басары министрдин демилгеси боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
ЖАКтын төрагасы, төраганын орун басары жана башкы окумуштуу катчы кызмат орундарына окумуштуулук даражасы бар адамдар дайындалат.
6. ЖАКтын төрагасы:
1) ЖАКтын ишине жетекчилик кылат жана ЖАКка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) ЖАКтын төрагасынын орун басары менен ЖАКтын башка кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, алардын уюштуруучулук, кадрдык, финансылык жана ЖАКтын компетенциясына киргизилген башка маселелерди чечүү боюнча функцияларын аныктайт;
3) министрге мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ЖАКта административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчыларды кызмат ордуна дайындоо, орун которуу, ротация жана кызмат ордунан бошотуу боюнча сунуштарды киргизет;
4) министрге мыйзамдарда белгиленген тартипте класстык чендерди ыйгаруу үчүн сунуштарды киргизет;
5) министрге ЖАКтын кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сыйлоо же тартип жоопкерчилигинин чараларын колдонууну сунуштайт;
6) министрге ЖАКтын президиумунун жеке курамына киргизүү үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет;
7) министрге ЖАКтын президиумунун ишинин регламентин бекитүүгө киргизет, анын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
8) улуттук аттестациялоо системасында аткаруу үчүн милдеттүү буйруктарды жана башка актыларды мыйзамдарга ылайык чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
9) илимдин докторунун, илимдин кандидатынын дипломдоруна, окумуштуулук наамдардын аттестаттарына, окумуштуулук даражанын жана окумуштуулук наамдын эквиваленттүүлүгү тууралуу күбөлүктөргө, окумуштуулук даражалар жана наамдар тууралуу документтердин дубликаттарына кол коёт;
10) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелери боюнча документтердин формаларын жана тизмектерин бекитет;
10-1) кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо боюнча чараларды кошкондо, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды улуттук аттестациялоо системасында коррупциянын алдын алууга жана профилактикалоого багытталган чараларды көрөт;
10-2) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу, ошондой эле чечимдерди кабыл алууда объективдүүлүк, ачык-айкындык жана мыйзамдуулук принциптеринин сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
11) мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюмдар, анын ичинде эл аралык уюмдар менен өз ара мамилелерде ЖАКтын атынан чыгат;
12) ЖАКтын алдына коюлган милдеттерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
ЖАКтын төрагасы кадрдык жана финансылык маселелерден тышкары, өзүнүн ыйгарым укуктарын орун басарына өткөрүп берүүгө укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 85 токтомунун редакциясына ылайык)
7. ЖАКтын башкы илимий-консультациялык органы болуп ЖАКтын президиуму саналат. Президиумдун жеке курамы жана саны ЖАКтын төрагасынын сунушу боюнча үч жылдык мөөнөткө, кийин курамдын үчтөн биринен кем эмесин жаңыртып туруу менен Министрликтин буйругу менен бекитилет.
Зарыл болгон учурда курамга белгиленген мөөнөттөн мурда өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Президиумдун курамына ЖАКтын төрагасы (президиумдун төрагасы), төраганын орун басары жана башкы окумуштуу катчы, ошондой эле окумуштуулук даражасы бар жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрлар кирет.
Президиумдун ишинин башка маселелери Министрликтин буйругу менен бекитилген ЖАКтын президиумунун ишинин регламентине ылайык чечилет.
8. ЖАКтын диссертациялык кеңештери улуттук аттестациялоо системасынын негизги звенолору болуп эсептелет.
Диссертациялык кеңештер ЖАК тарабынан төмөнкүдөй түзүлөт:
– үч жылдык мөөнөткө;
– бир жолку коргоо боюнча;
– “Кызматтык пайдалануу үчүн” грифтүү диссертацияларды коргоо боюнча.
Диссертациялык кеңештин ишинин башка маселелери диссертациялык кеңеш жана окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жоболорго ылайык чечилет.
|
| 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы № 637 токтомуна |
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү
жана инновациялар министрлигине караштуу
Жогорку аттестациялык комиссия жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 85, 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 225 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия (мындан ары – ЖАК) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу функциясын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик илимий-эксперттик орган болуп эсептелет.
ЖАК Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук уюму болуп саналат.
ЖАК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана мыйзам алдындагы актыларын, башка ченемдик укуктук актыларды, анын ичинде ушул Жобону жетекчиликке алат.
Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелери боюнча ишин жүргүзүүдө ЖАКтын ишинин негизги принциптери болуп мыйзамдуулук, компетенттүүлүк, көз карандысыздык эсептелет.
ЖАКтын ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана атайын казыналык эсептерде топтолгон каражаттардын, анын ичинде эл аралык келишимдердин жоболорунун алкактарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат. ЖАКтын мүлкү Кыргыз Республикасынын менчигинде турат жана ЖАКка оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет.
ЖАК юридикалык жак статусуна ээ, анын мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, алыш-бериш эсеби жана башка эсептери, бекитип берилген мүлкү бар.
2-глава. ЖАКтын милдеттери
2. ЖАКтын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун улуттук системасынын иштешин камсыз кылуу;
2) диссертациялык кеңештерди түзүү максатында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын (мындан ары – ЖОЖ) жана илимий жана илимий-изилдөө мекемелеринин илимий-изилдөө ишин аттестациялоо;
3) диссертациялык кеңештердин, ЖАКтын президиумунун иштешин камсыз кылуу;
4) илимдин доктору, кандидаты окумуштуулук даражаларын жана окумуштуулук наамдарды изденүүчүлөргө карата бирдиктүү квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу жана камсыз кылуу;
5) илимдин доктору, кандидаты окумуштуулук даражаларын жана окумуштуулук наамдарын изденүүчүлөрүн аттестациялоо;
6) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларга болгон илимий-өндүрүштүк жана социалдык чөйрөнүн муктаждыктарын эске алуу менен аларды аттестациялоонун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү;
7) жарандык коомдун жана мамлекеттин актуалдуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн колдонуу максатында илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын жайылтууга катышуу;
8) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө катышуу.
3. ЖАК өзүнө жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун улуттук системасынын абалын талдайт жана өнүгүшүн болжолдойт, аны өркүндөтүү боюнча чараларды көрөт;
2) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо чөйрөсүндөгү жогорку жана ЖОЖдон кийинки билим берүү мекемелери, илимий жана илимий-техникалык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
3) Министрликтин буйругу менен бекитилген жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун жана илимий-изилдөө мекемелеринин илимий-изилдөө ишин аттестациялоону жүргүзөт;
4) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо, илимдин доктору, кандидаты окумуштуулук даражаларын берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу, нострификациялоо жүргүзүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
5) Илимий адистиктердин номенклатурасын иштеп чыгат жана бекитет;
6) диссертациялык кеңештердин өтүнүч каттарынын негизинде илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражаларын берет же бул өтүнүч каттарды четке кагат;
7) диссертацияларды (илимий доклад түрүндөгү диссертацияларды) коргоо боюнча диссертациялык кеңештерди түзөт, алардын курамын бекитет, аларга методикалык жардам көрсөтөт, алардын ишин контролдойт жана токтото турат, кайра улантат жана токтотот;
8) диссертациялык кеңештерден, ЖОЖдордун жана/же илимий жана илимий-техникалык уюмдардын окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңештеринен келип түшкөн документтерге техникалык текшерүү жүргүзөт;
9) Окумуштуулук наамдар ыйгарылуучу адистиктердин тизмегин иштеп чыгат жана бекитет;
10) ЖОЖдордун жана/же илимий жана илимий-техникалык уюмдардын окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңештеринин өтүнүч каттарынын негизинде профессор, доцент жана улук илимий кызматкер окумуштуулук наамдарын ыйгарат же өтүнүч каттарды четке кагат;
11) документтерди кароо учурунда ТОР 500 QS World University Rankings жана Times Higher Educationге кирген мекемелер тарабынан берилген дипломдорду, аттестаттарды кошпогондо, чет мамлекеттерде берилген окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө документтерге нострификация (теңештирүү) жүргүзөт;
12) мамлекеттик үлгүдөгү илимдин доктору жана кандидатынын дипломдорунун, окумуштуулук наамдардын аттестаттарынын; окумуштуулук даражалардын, окумуштуулук наамдардын эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүктөрдүн дизайнын, техникалык талаптарын жана тариздөө тартибин иштеп чыгууга катышат;
13) жаңы катар номери менен дубликаттарды берет (арыз ээсинин аты-жөнү өзгөргөн учурда документтер жаңысына алмаштырылбайт);
14) илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражалардан жана окумуштуулук наамдардан ажыратуу (калыбына келтирүү) маселелерин, ошондой эле ЖАКка келип түшкөн апелляцияларды, жарандардын кайрылууларын белгиленген тартипте карайт;
15) бекитилген диссертациялардын эсебин жүргүзөт жана жыл сайын Министрликке тиешелүү отчет берет;
16) архив түзөт жана аттестациялык иштерди жана башка документтерди сактоону жүзөгө ашырат;
17) ЖАКтын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча эл аралык, анын ичинде мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоого катышат;
18) ЖАК тарабынан басылып чыгарылган илимий мезгилдүү журналга макалаларды жарыялоону жүзөгө ашырат;
19) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоого байланышкан, мыйзамдарда каралган башка функцияларды жүргүзөт.
4. ЖАК өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелери боюнча маалыматтарды суроого жана алууга;
2) диссертациялык кеңештердин ишин контролдоого;
3) диссертациялык кеңештердин ишин токтото турууга (токтотууга, кайра улантууга);
4) диссертациялык кеңештердин илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражаларды берүү жөнүндө өтүнүчтөрүн четке кагууга;
5) ЖОЖдордун жана/же илимий жана илимий-техникалык уюмдардын окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңештери менен жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүгө;
6) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелери боюнча адистиктердин шифрлери ылайык келген эксперттерди ишке тартууга, алардын ишинин шарттарын аныктоого;
7) илимий жетекчилерди (илимий кеңешчилерди), расмий оппоненттерди жана эксперттерди жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоого катышуу укугунан ажыратууга;
8) илимдин доктору, кандидаты окумуштуулук даражаларынан жана окумуштуулук наамдарынан ажыратууга (калыбына келтирүүгө);
9) илимдин доктору, кандидаты окумуштуулук даражаларын берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу, чет мамлекеттерден алынган окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө документтерди нострификациялоо маселелери боюнча түшүндүрмө берүүгө;
10) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардын диссертацияларынын маалымат базасын ЖАКтын расмий сайтына жайгаштырууга;
11) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелери боюнча эл аралык конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышууга;
12) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелери боюнча илимий жана маалыматтык-методикалык бюллетендерди, журналдарды жана башка материалдарды басып чыгарууга;
13) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
3-глава. ЖАКтын ишин уюштуруу
5. ЖАКты Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин (мындан ары – министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы (мындан ары – ЖАКтын төрагасы) жетектейт. ЖАКтын төрагасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
ЖАКтын төрагасынын ага түздөн-түз баш ийген орун басары болот, ал ЖАКтын төрагасынын сунушу боюнча министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. ЖАКтын төрагасынын орун басары министрдин демилгеси боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
ЖАКтын төрагасы, төраганын орун басары жана башкы окумуштуу катчы кызмат орундарына окумуштуулук даражасы бар адамдар дайындалат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 225 токтомунун редакциясына ылайык).