Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы № 637 токтомуна |
Диссертациялык кеңеш жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо диссертациялык кеңештин ишин уюштуруу тартибин белгилейт.
2. Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун улуттук системасынын негизги звеносу болуп илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештер саналат, алар жогорку окуу жайларында (мындан ары – ЖОЖ) жана/же илимий жана илимий-техникалык уюмдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасынын (мындан ары – ЖАК төрагасы) буйругу менен түзүлөт.
3. Адистиги туруктуу иштөөчү диссертациялык кеңештин компетенцияларына туура келбеген диссертациялык иштерди коргоо үчүн курамы 5 мүчөдөн турган бир гана илимий адистик боюнча бир жолку диссертациялык кеңешти түзүү каралат, ал ЖАК төрагасынын буйругу менен бекитилет.
4. Диссертацияларында “Кызматтык пайдалануу үчүн” грифи бар жайылтылышы чектелген кызматтык маалыматты түзүүчү маалыматтарды колдонгон адамдарга окумуштуулук даражаларды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин (мындан ары – Министрлик) буйругу менен бекитилген “Кызматтык пайдалануу үчүн” грифи бар диссертацияларды коргоо боюнча атайын диссертациялык кеңеш жөнүндө жобо менен аныкталат.
5. Диссертациялык кеңештин функциялары:
1) илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражаларын изденип алуу үчүн берилген диссертациялардын Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жободо белгиленген талаптарга жана критерийлерге жооп бере тургандыгын аныктайт;
2) илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражаларын изденүүчүлөрдүн диссертацияларынын алдын ала жана ачык коргоосун өткөрөт;
3) ЖАКка илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражаларын берүү жөнүндө өтүнүч кат берет;
4) ушул Жобонун 73-пунктунда каралган учурларда диссертацияларды коргоого алуудан баш тартат;
5) ЖАКка өз иши тууралуу календарлык жана жыйынтык отчётторду берет.
6. Диссертациялык кеңеш диссертациялардын актуалдуулугу, илимий жаңылыгы жана практикалык маанилүүлүгү, ошондой эле изденүүчүлөрдүн электрондук аттестациялык делолорунун таризделиши үчүн жоопкерчилик тартат.
7. Диссертациялык кеңештер иштеген уюмдар окумуштуу катчылардын, расмий оппоненттердин, диссертацияларды рецензиялоо иштери үчүн эмгек акысын каралган каражаттардын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөйт.
8. Уюмдун жетекчиси болгон окумуштуулук даражаны изденүүчүгө бул уюмдун базасында түзүлгөн диссертациялык кеңештерде диссертациясын коргоого коюуга тыюу салынат.
9. Мамлекеттик бийлик органынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси болгон окумуштуулук даражаны изденүүчүгө, ошондой эле мамлекеттик илимий аттестациялоо маселелери боюнча кабыл алынуучу чечимдерге таасир этүүгө жөндөмдүү кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келе турган ишти аткарган мамлекеттик (муниципалдык) кызматкерлерге бул органдардын карамагында турган уюмдардын базасында түзүлгөн диссертациялык кеңештерге диссертациясын коргоого коюуга тыюу салынат.
2-глава. Диссертациялык кеңешти түзүү тартиби
10. Диссертациялык кеңештер илимдин тийиштүү тармагында өзүнүн жетишкендиктери менен белгилүү болгон, аккредитациядан өткөн экиден кем эмес ЖОЖдордун жана/же илимий жана илимий-техникалык уюмдардын өтүнүч каты боюнча ЖАК тарабынан түзүлөт. Мында алардын штаттарында коргоого кабыл алынуучу диссертациялардын профили боюнча илимдин докторлорунун жалпы саны бештен кем эмес болууга тийиш.
Өтүнүч катка уюмдардын жетекчилери кол коёт жана мөөрлөр менен күбөлөндүрүлөт.
11. Диссертациялык кеңештер ЖАК төрагасынын буйругу менен бекитилүүчү Илимий адистиктердин номенклатурасына киргизилген илимий адистиктер боюнча түзүлөт.
12. Диссертациялык кеңешти түзүү жөнүндө өтүнүч кат ЖАКка электрондук түрдө жөнөтүлөт жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) түзүү зарылдыгы жана анын иштешинин максатка ылайыктуулугуна негиздеме;
2) анын иши үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуунун кепилдиктери;
3) уюштуруучу уюмдардын лицензиясы жана тийиштүү аккредитациясынын бар экендиги;
4) суралып жаткан илимий адистиктер боюнча аспирантура жана/же докторантуранын бар экендиги;
5) диссертациялык кеңештин жыйналыштарын өткөрүү үчүн зарыл техникалык жабдуулардын болушу;
6) диссертациялык кеңештин электрондук почтасынын болушу.
13. Өтүнүч катка төмөнкүлөр тиркелет:
1) диссертациялык кеңештин мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар;
2) диссертациялык кеңештин мүчөлөрүнүн авторефераттарынын көчүрмөлөрү;
3) диссертациялык кеңештин курамына киргизилүүчү адистик паспорттору.
14. Диссертациялык кеңештер докторлук жана кандидаттык диссертацияларды кароо үчүн бир нече, бирок үчтөн көп эмес адистик боюнча түзүлөт. Илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңеш коргоого кандидаттык диссертацияларды да кабыл алат.
3-глава. Диссертациялык кеңештин курамы
15. Диссертациялык кеңештин курамына диссертациялык кеңештин профили боюнча илимий ишти активдүү жүргүзүп жаткан, эл аралык индекстештирүү системаларына кирген чет өлкөлүк жана ата мекендик мезгилдүү илимий басылмаларда акыркы беш жыл ичинде тиешелүү адистик боюнча эмгектери жана илимий макалалары бар адистер киргизилет.
16. Диссертациялык кеңеш жана анын курамы ЖАК төрагасынын буйругу менен үч жылдык мөөнөткө бекитилет. Зарыл учурда курамга көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
17. Илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештин жыйналышына добуш берүү укугу менен илимдин тийиштүү профили боюнча ЖАКтын президиумунун мүчөсү катышат. Мындан тышкары диссертациялык кеңештин ишине добуш берүү укугусуз ЖАКтын жооптуу кызматкери жана ЖАКтын эксперттери катыша алат. Диссертацияны коргоо боюнча жыйналышка аталган адамдардын (башка шаарда жашаган) онлайн-катышуусуна уруксат берилет.
18. Илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештин курамына илимдин докторлору киргизилет, ал эми кеңештин окумуштуу катчысы илимдин доктору же кандидаты болууга тийиш.
Илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңеш айрым адистиктер боюнча кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча ыйгарым укукка ээ болушу мүмкүн, бул учурда докторлук кеңештин курамына илимдин кандидаттары киргизилиши мүмкүн, алардын докторлук диссертацияларды коргоо учурунда добуш берүүгө укугу жок.
19. Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештин курамына илимдин докторлору жана кандидаттары киргизилет, ал эми окумуштуу катчысы илимдин кандидаты болуш керек.
Мында илимдин докторлорунун жалпы саны диссертациялык кеңештин курамынын жарымынан көбүрөөк болууга тийиш.
20. Кандидаттык кеңеште докторлук диссертацияларды коргоого тыюу салынат.
21. Диссертациялык кеңештин мүчөлөрү авторефераттын адистигинин шифры боюнча же илимий эмгектеринин жыйындысы боюнча адистер болушу мүмкүн.
22. Илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештин курамында кеңешке диссертацияларды кабыл алуу жана алардын коргоосун өткөрүүгө укук берилген ар бир адистик боюнча бештен кем эмес илимдин доктору, анын ичинде автореферат боюнча адистиктин шифрына туура келген үчтөн кем эмес илимдин доктору болууга тийиш.
23. Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештин курамында кеңешке диссертацияларды кабыл алуу жана алардын коргоосун өткөрүүгө укук берилген ар бир адистик боюнча бештен кем эмес адис болууга тийиш, анын ичинде үчтөн кем эмес илимдин доктору, алардын экөө автореферат боюнча адистикке ылайык келген адистиктин шифрына ээ болууга тийиш.
24. Диссертациялык кеңештин курамындагы ар бир адис экиден көп эмес адистик боюнча иш алып бара алат жана бир диссертациялык кеңештин мүчөсү боло алат. Эгерде адис автореферат боюнча адистиктин эки шифрына ээ болсо, анда ал эки диссертациялык кеңештин мүчөсү боло алат.
25. Диссертациялык кеңештин мүчөлөрү диссертациялык кеңеште иш алып барган адистиктер адистин илимий профилинин – адистин паспортунун негизинде аныкталат. Адисти диссертациялык кеңештин курамына киргизүү үчүн адистин паспортунда анын жазуу жүзүндөгү макулдугу болушу керек.
26. Изденүүчү ЖАК чечими менен түзүлгөн кайсы диссертациялык кеңешке болбосун коргоого диссертациясын коюуга укуктуу. Мында диссертациянын адистиги диссертациялык кеңешке коргоону өткөрүүгө уруксат берилген адистикке ылайык келиши керек.
27. Диссертациялык кеңештин мүчөлөрүнүн саны 9 адамдан кем эмес жана 15 адамдан көп эмес болушу керек. Диссертациялык кеңеште чет өлкөлүк мүчөлөрдүн өкүлчүлүгү жалпы курамдын 40 пайызынан ашпоого тийиш.
Эгерде диссертациялык кеңештин мүчөсү отчёттук жылдын ичинде жыйналыштардын үчтөн бирине катышпаса, анда ал ЖАК чечими боюнча диссертациялык кеңештин курамынан чыгарылат.
28. Диссертациялык кеңештин төрагасы илимдин докторлорун же кандидаттарын даярдаган, илимий журналдарга илимий макалаларды туруктуу жарыялап турган, окуу жана методикалык окуу куралдарын чыгарган, профессор окумуштуулук наамы бар илимдин докторлорунун ичинен дайындалат. Диссертациялык кеңештин төрагасы болуп бир эле ошол адам бир жолку мөөнөткө гана дайындалат.
29. Темасы эки адистикти камтыган диссертацияны бир жолку коргоо ЖАК чечиминин негизинде өткөрүлөт. Мында диссертациянын мазмуну 60/40 же 50/50 пайыз катышында эки адистикке тең ылайык келүүгө тийиш.
30. Илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңеш кандидаттык диссертацияларды коргоого кабыл алуу укугу диссертациялык кеңешке берилген адистиктер боюнча даярдалган докторлук диссертацияларды диссертациялык кеңештин курамына диссертациялык иштин тийиштүү адистиги боюнча кошумча адистерди киргизүү шарты менен бир жолку коргоого кабыл алууга укуктуу.
Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңеш докторлук диссертацияларды бир жолку коргоого кабыл алууга укуктуу эмес.
31. Диссертациянын бир жолку коргоосун өткөрүүнү уюштуруу үчүн диссертациялык кеңеш алдын ала коргоону (мындан ары – алдын ала коргоо) өткөрүүгө чейин бир жолку коргоону өткөрүүгө уруксат алуу жөнүндө өтүнүч катын ЖАКка жиберет.
Өтүнүч катка төмөнкүлөр тиркелет:
– диссертация;
– диссертациялык кеңештин курамына киргизилүүчү адистердин адистик паспорттору;
– диссертациялык кеңештин курамына киргизилүүчү адистер жөнүндө маалыматтар;
– диссертациялык кеңештин курамына киргизилүүчү адистердин авторефераттарынын көчүрмөлөрү;
– диссертациялык кеңештин корутундуcу.
32. Кошумча адистик боюнча диссертацияны бир жолку коргоону өткөрүү үчүн диссертациялык кеңештин курамына добуш берүү укугу менен төмөнкүлөр киргизилет:
– докторлук диссертация үчүн – илимдин беш доктору (алардын үчөө – түз адистер);
– кандидаттык диссертация үчүн – илимдин үч доктору (алардын экөө – түз адистер) жана эки кандидаты (түз адистер).
Киргизилүүчү адистердин диссертациялык кеңештин жыйналышына катышуусу милдеттүү болуп саналат. Киргизилген адистердин бирөө жүйөлүү себеп менен келбей калган учурда, корголо турган диссертацияга анын жазуу жүзүндөгү пикири керек.
33. Бир жолку коргоого киргизилүүчү кеңештин адистеринин саны анын курамындагы кошумча адистик боюнча иш алып бара ала турган диссертациялык кеңештин мүчөлөрүнүн эсебинен азайтылышы мүмкүн.
34. Диссертациялык кеңештин иши ачык мүнөздө болот. Анын жыйналыштары жөнүндө маалымат ЖАК расмий сайтына жайгаштырылат.
4-глава. Диссертациялык кеңештин иш тартиби
35. Диссертацияны кароонун этаптары жөнүндө маалымат ЖАК сайтында диссертациялык кеңештин жеке кабинетинин электрондук кезегинде жайгаштырылат. Диссертациялык кеңеш диссертацияларды кабыл алуунун жана аларды коргоону өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугун пландоого милдеттүү.
Диссертациялык кеңештин коргоо жана алдын ала коргоо боюнча жыйналыштарынын жүрүшү реалдуу убакытта ЖАК видео-порталын колдонуу менен онлайн көрсөтүлөт, кийин изденүүчүнүн электрондук жеке кабинетине жайгаштырылат.
36. Бир айдын ичинде окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештин эки жыйналышын өткөрүүгө уруксат берилет. Бир жыйналышта бир докторлук же эки кандидаттык диссертацияны коргоону өткөрүүгө болот.
37. Изденүүчү ЖАК сайтында өзүнүн жеке кабинетин ачат, аттестациялык документтерин жүктөйт жана диссертациялык кеңештин электрондук почтасына кабарлама кат жөнөтөт.
38. Окумуштуу катчы 14 жумуш күндүн ичинде окумуштуулук даражаны изденүүчүгө диссертациялык кеңештин корутундусу менен төмөнкүлөр жөнүндө жооп кат жөнөтүүгө милдеттүү:
1) бардык зарыл документтер болсо жана алар белгиленген талаптарга ылайык келсе, диссертациянын коргоого кабыл алынгандыгы жөнүндө;
2) диссертацияны коргоого кабыл алуудан жүйөлүү баш тартуу жөнүндө.
39. Диссертациялык кеңеш календарлык жыл, ошондой эле ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин эки жумалык мөөнөттө ЖАКка өзүнүн иши жөнүндө отчёт жиберет.
40. Диссертациялык кеңеш диссертацияларды коргоо боюнча бардык жол-жоболук маселелердин бүткөрүлгөндүгү үчүн, анын ичинде ыйгарым укуктардын мөөнөтү аяктаган учурда жоопкерчилик тартат.
5-глава. Диссертациялык кеңештин ишин токтото туруу, кайра улантуу жана токтотуу тартиби
41. ЖАК диссертациялык кеңештин ишин төмөнкү учурларда үч айга чейинки мөөнөткө токтото турат:
1) диссертациялык кеңештин мүчөлөрү жөнүндө анык эмес маалымат берилсе;
2) диссертациялык кеңеш тарабынан ушул Жободо белгиленген ишти уюштуруунун белгиленген тартиби бузулгандыгы аныкталса;
3) диссертацияларды коргоо боюнча электрондук кезектин тартиби бузулса;
4) диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештин корутундусу сапатсыз даярдалса;
5) диссертациялык кеңеш тарабынан диссертацияларды, авторефераттарды жана ЖАК сайтында изденүүчүнүн жеке кабинетин тариздөөгө коюлуучу талаптар бузулса;
6) расмий оппоненттерди жана жетектөөчү уюмду дайындоодо белгиленген талаптар бузулса;
7) жарыяланган эмгектер белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
8) диссертациялык кеңеш иштеп жаткан убакта уюштуруучу уюмдар алмашылса (кайра уюштуруу, жоюу, аталышын өзгөртүү жана башка учурларда).
42. Диссертациялык кеңештин ишин кайра улантуу үчүн уюштуруучу уюмдун өтүнүч каты берилет, анда диссертациялык кеңештин ишин кайра улантуу зарылдыгынын негиздемеси, диссертациялык кеңештин белгиленген талаптарга ылайык келбестиктерин жойгондугу тууралуу документ түрүндө ырасталган маалыматтар же диссертациялык кеңештин ишин уюштуруу тартибин диссертациялык кеңештин бузууларын жоюу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө документ түрүндө ырасталган маалыматтар камтылат.
43. Эгерде ушул Жободо белгиленген диссертациялык кеңештерге карата талаптарды бузуулар же диссертациялык кеңештин ишин уюштуруу тартибин бузуулар диссертациялык кеңештин иши убактылуу токтотулган датадан кийин үч айдын ичинде жоюлбаса, ЖАК диссертациялык кеңештин ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.
44. ЖАК диссертациялык кеңештин ишин төмөнкү учурларда токтотот:
1) ошол эле бузуулар үчүн иши мурда убактылуу токтотулган диссертациялык кеңеш тарабынан талаптар бузулса;
2) ЖАК чечими менен диссертациялык кеңештин окумуштуулук даражасын берүү жөнүндө эки өтүнүч каты четке кагылса;
3) диссертациялык кеңеш тарабынан диссертацияларды, авторефераттарды жана ЖАК сайтында изденүүчүнүн жеке кабинетин тариздөөгө коюлуучу талаптар кайрадан (эки жолу) бузулса;
4) ушул Жободо белгиленген диссертацияларды коргоого коюу тартиби жана коргоо жол-жоболору эки жолу бузулса.
45. Иши ушул Жобонун 44-пунктунда каралган бузуулардын натыйжасында токтотулган диссертациялык кеңешти ошол эле илимий адистик жана илимдин тармагы боюнча түзүүгө уруксат берүү жөнүндө уюмдун өтүнүч каты диссертациялык кеңештин иши токтотулгандан кийин бир жылдан эрте эмес убакытта төрагасын, төраганын орун басарын жана окумуштуу катчысын алмаштыруу менен берилиши мүмкүн.
6-глава. Диссертациялык кеңеште диссертацияны алдын ала коргоо
46. Диссертациялык кеңеш диссертацияны алдын ала коргоого төмөнкүлөрдөн кийин кабыл алат:
1) диссертация 30 календарлык күн мөөнөтүндө ЖАК сайтында коомдук талкуулоо жол-жобосунан өткөндөн кийин;
2) диссертациянын темасы бекитилген жана ал коргоого сунушталган жери боюнча диссертация талкуулангандан кийин, ошондой эле изденүүчү ЖАК сайтында жеке кабинетинде зарыл документтерди жайгаштыргандан кийин.
47. Диссертацияны коомдук талкуулоо жол-жобосун өткөрүү үчүн жоопкерчилик диссертациялык иштин темасы бекитилген уюмдун жетекчисине жүктөлөт.
48. Диссертациянын темасы бекитилген уюм каралуучу диссертациянын адистигинин шифры боюнча ЖАК төрагасынын чечими менен дайындалуучу эксперттердин катышуусунда диссертацияны талкуулоону өткөрөт. Диссертацияны коомдук талкуулоонун жыйынтыктары жыйналыштын күн тартибине киргизилет.
49. ЖАК эксперттери диссертацияларга экспертиза жүргүзөт, тиешелүү корутундуларды даярдайт. Ошондой эле докторлук диссертацияда кандидаттык диссертацияда колдонулган материалдардын бар экендиги боюнча экспертиза жүргүзөт, алар материалдын жалпы көлөмүнүн 20 пайызынан ашпоого тийиш.
50. Диссертациялык ишти өндүрүшкө кабыл алууда изденүүчү диссертациялык кеңешке диссертациянын текстинде плагиат фактынын же жасалма интеллект менен түзүлгөн тексттин жок экендиги тууралуу маалымкатты берүүгө милдеттүү.
51. Диссертациялык кеңеш диссертация талкууланган жер боюнча оң сунуштаманын негизинде диссертацияны алдын ала коргоону өткөрөт.
52. Диссертацияны алдын ала коргоо жана коргоо боюнча жыйналышка ден соолугунун абалына байланыштуу, өргүүдө, иш сапарында болгон учурда жана диссертациялык кеңеш тарабынан жүйөлүү деп таанылган башка себептер болсо, диссертациялык кеңештин чет өлкөлүк, башка шаарда жашаган мүчөлөрүнө жана расмий оппоненттерине онлайн катышууга уруксат берилет. Диссертациялык кеңештин чет өлкөлүк, башка шаарда жашаган мүчөлөрүнө жана расмий оппоненттерине офлайн катышуу милдеттүү эмес.
53. Онлайн катышуучулар алдын ала коргоонун (коргоонун) бүткүл мезгил ичинде жыйналыштарга жеке өзү катышууга милдеттүү.
54. Алдын ала коргоо боюнча диссертациялык кеңештин жыйналышы, эгерде анын ишине тизмелик курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, укуктуу деп эсептелет.
55. Диссертацияны алдын ала коргоо эки жолудан ашык өткөрүлбөйт.
56. Алдын ала коргоо ийгиликтүү өткөндө диссертациялык кеңеш расмий оппоненттерди, жетектөөчү уюмду (ишкананы) дайындайт жана ЖАК сайтына болжолдуу коргоо датасын көрсөтөт.
57. Диссертациялык кеңештин чечими протокол түрүндө таризделет жана изденүүчүнүн жеке кабинетине жайгаштырылат. Диссертациялык кеңеш жыйналышка катышкан диссертациялык кеңештин мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсү аркылуу алдын ала коргоонун натыйжалары боюнча төмөнкүдөй чечим кабыл алат:
1) диссертация коргоого кабыл алынсын, расмий оппоненттер, жетектөөчү уюм (ишкана) дайындалсын жана ЖАК сайтына болжолдуу коргоо датасы көрсөтүлсүн;
2) кайрадан алдын ала коргоону өткөрүү менен жеткире иштеп чыгууга жөнөтүлсүн;
3) диссертацияны коргоого кабыл алуудан баш тартылсын.
58. Диссертациялык кеңештин төрагасы диссертациялардын актуалдуулугу, илимий жаңылыгы жана практикалык маанилүүлүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Окумуштуулук даражасын берүү жөнүндө диссертациялык кеңештин эки өтүнүч каты ЖАК чечими менен четке кагылган же диссертациялардын текстинде плагиат факты же туура шилтемелерсиз жасалма интеллект менен түзүлгөн текст табылган учурларда диссертациялык кеңештин төрагасы жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоого катышуудан эки жылдык мөөнөткө четтетилет.
59. Эгерде бир илимий жетекчинин же консультанттын жетекчилиги менен даярдалган эки диссертация боюнча диссертациялык кеңеш же ЖАК тарабынан терс чечим чыгарылса, анда илимий жетекчи же консультант аспиранттардын жана окумуштуулук даражаны изденүүчүлөрдүн диссертациялык иштерине жетекчилик кылуудан ЖАК чечими боюнча үч жылдык мөөнөткө четтетилет.
60. Диссертациянын жана авторефераттын котормолорунун аныктыгы үчүн жоопкерчилик диссертациялык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлөт. Диссертациялык кеңештин окумуштуу катчысы электрондук аттестациялык делонун техникалык экспертизасынын, диссертациянын жана авторефераттын таризделишинин тууралыгынын белгиленген талаптарга ылайык келишине жоопкерчилик тартат.
61. Диссертация боюнча расмий оппоненттер катары тиешелүү адистик боюнча эмгектери бар жана буга өзүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугун берген илимдин тийиштүү тармагындагы компетенттүү окумуштуулардын ичинен адистер дайындалат. Башка мамлекеттердин окумуштуулары да расмий оппонент боло алат.
62. Мамлекеттик илимий аттестациялоо маселелери боюнча кабыл алынуучу чечимдерге таасир этүүгө жөндөмдүү кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып бара турган ишти аткарган кызматкерлер расмий оппонент боло албайт.
63. ЖАК президиумунун мүчөлөрү, эксперттер жана ЖАК аппаратынын кызматкерлери, диссертацияны коргоого кабыл алган диссертациялык кеңештин төрагасы жана окумуштуу катчысы, изденүүчүнүн илимий жетекчилери (консультанттары), диссертациянын темасы боюнча жарыяланган иштер боюнча изденүүчүнүн авторлоштору, изденүүчүнүн илимий жетекчисинин же илимий консультантынын жетекчилиги менен диссертациялык иштерди аткарган адистер расмий оппонент боло албайт.
64. Диссертация аткарылган жана изденүүчү же илимий жетекчи иштеген, ошондой эле изденүүчү заказчы же аткаруучу (бирге аткаруучу) болуп саналган илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүп жаткан ЖОЖдордун ректорлору жана проректорлору, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери, алардын орун басарлары, мекеменин кафедраларынын, лабораторияларынын, секторлорунун, бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери да расмий оппонент боло албайт.
Расмий оппоненттер ар башка уюмдардын кызматкерлери болууга тийиш.
65. Расмий оппонент диссертацияны жана диссертациянын темасы боюнча жарыяланган иштерди иликтөөнүн негизинде диссертациялык кеңешке жазуу жүзүндө пикир берет, анда тандалып алынган теманын актуалдуулугу жана жаңылыгы, диссертацияда берилген илимий жоболордун, тыянактардын жана сунуштамалардын негиздүүлүк даражасына, алардын аныктыгына, илимий жана практикалык маанилүүлүгүнө баа берилет, ошондой эле диссертациянын Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жободо белгиленген критерийлерге ылайык келе тургандыгы жөнүндө корутунду берилет.
66. Расмий оппонент өзү даярдаган пикирдин объективдүүлүгү жана сапаты үчүн, ошондой эле аны берүүнүн диссертациялык кеңеш тарабынан белгиленген мөөнөтүнүн сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат. Диссертациялык кеңеш ушул Жобонун талаптарына ылайык келбеген пикирлерди кайра иштеп чыгуу үчүн расмий оппонентке кайтарып берүүгө укуктуу.
67. Диссертация боюнча жетектөөчү уюм катары диссертациялык кеңешке пикир бере ала турган, диссертациянын илимий жана практикалык баалуулугун объективдүү аныктоого жөндөмдүү, анын ичинде республиканын чегинен тышкары жайгашкан уюм (ишкана) дайындалат.
68. Окумуштуулук даражасын изденүүчү, окумуштуулук даражасын изденүүчүнүн илимий консультанттары же жетекчилери иштеп жаткан уюмдар, ошондой эле окумуштуулук даражасын изденүүчү заказчы уюмдун жетекчиси же кызматкери же аткаруучусу (бирге аткаруучусу) болгон илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүп жаткан уюмдар жетектөөчү уюм боло албайт. Жетектөөчү уюмдун өкүлдөрү расмий оппонент болуп дайындала албайт. Жетектөөчү уюм катары диссертациялык кеңештердин уюштуруучу уюмдары дайындалбайт.
69. Жетектөөчү уюмдун пикиринде диссертациянын автору тарабынан алынган натыйжалардын илим жана өндүрүш үчүн практикалык маанилүүлүгү чагылдырылат. Колдонмо мүнөздөгү иштер жөнүндөгү пикирде да диссертациянын натыйжаларын жана тыянактарын пайдалануу боюнча конкреттүү сунуштамалар камтылууга тийиш. Диссертациялык кеңеш эгерде көрсөтүлгөн талаптарга пикир ылайык келбесе, аны жетектөөчү уюмга кайтарып берүүгө укуктуу.
70. Жетектөөчү уюмдун пикири диссертациянын профили боюнча адистер тарабынан талкууланат, анын жетекчиси/жетекчинин орун басары тарабынан бекитилет жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Расмий оппоненттердин жана жетектөөчү уюмдун күбөлөндүрүлгөн пикирлери диссертациялык кеңештин электрондук почтасына диссертацияны коргоо күнүнөн 10 календардык күндөн кечиктирбестен жиберилет жана изденүүчүгө ЖАКтын сайтындагы жеке иш бөлмөсүнө жайгаштыруу үчүн берилет.
71. Жетектөөчү уюмдун же расмий оппоненттердин бири терс пикир берген учурда диссертациялык кеңеш диссертацияны коргоону дайындашы мүмкүн, мында диссертацияга терс пикир берген расмий оппонент милдеттүү түрдө катышуусу керек.
72. Жетектөөчү уюмдун же расмий оппоненттердин эки терс пикири болгон учурда диссертациялык кеңеш диссертацияны коргоону өткөрө албайт.
73. Диссертацияны коргоого кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) диссертациялык иштин Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жободо белгиленген окумуштуулук даражаны изденүүгө коюлган диссертацияга карата талаптарга жана критерийлерге ылайык келбегендиги;
2) диссертациянын темасынын жана мазмунунун диссертациялык кеңешке диссертацияларды коргоого кабыл алууга укук берилген илимий адистиктерге жана/же илимдин тармактарына дал келбей калгандыгы;
3) диссертациянын негизги илимий натыйжаларын жарыялоого карата коюлган талаптардын аткарылбагандыгы;
4) диссертацияда авторуна жана (же) өздөштүргөн булактарына шилтеме жасабастан бирөөнүн материалын колдонуу, изденүүчү менен авторлоштукта аткарылган илимий иштин натыйжаларын авторлошторуна шилтеме жасабастан колдонуу, ошондой эле диссертацияда түзөтүүчү шилтеме жасабастан жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн текстти колдонуу;
5) окумуштуулук даражаны изденүүчү жарыялаган эмгектери жөнүндө туура эмес маалыматтарды берүүсү;
6) ушул диссертациялык кеңеште кызыкчылыктардын карама-каршылыгына байланыштуу диссертациясын коргоого коюу тыюу салынган адам сунуштагандыгы;
7) окумуштуулук даражаны изденүүчү тарабынан диссертациялык кеңешке алдын ала кароо үчүн берилген диссертациясынын тексти ЖАКтын сайтында жайгаштырылган диссертациянын текстине дал келбегендиги аныкталгандыгы;
8) окумуштуулук даражаны изденүүчү диссертациялык кеңешке диссертациясын алдын ала кароодо берген документтеринде анык эмес маалыматтар аныкталгандыгы;
9) Диссертацияларды жана авторефераттарды тариздөө боюнча нускаманын талаптары бузулгандыгы.
74. Автореферат окумуштуу катчы тарабынан диссертациялык кеңештин мүчөлөрүнө диссертацияны коргоого чейин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
75. Кыргыз тилинде жазылган диссертациялардын илимий жетишкендиктерин популярдаштыруу жана экспертиза жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү үчүн автореферат орус тилинде да басылышы керек.
76. Диссертацияны алдын ала коргоону өткөргөндөн жана аны коргоого кабыл алгандан кийин коргоо датасына чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен диссертациялык кеңеш ЖАКка диссертацияны коргоо датасы жөнүндө кулактандырууну, ошондой эле авторефераттарды кыргыз жана орус тилинде PDF форматында жөнөтөт.
77. Коргоонун датасын жана убактысын авторефератта көрсөтүлгөн убактан мурдараак мөөнөткө жылдырууга жол берилбейт.
Эгер кворум болбой же расмий оппоненттин пикири, же жетектөөчү уюмдун пикири жок болуп, же диссертацияга терс пикир берген расмий оппонент келбей диссертациялык кеңештин жыйналышы белгиленген күнү өтпөй калса, диссертациялык кеңеш ЖАКтын уруксаты менен диссертацияны коргоонун жаңы датасын, бирок коргоонун мурдагы датасынан 30 календардык күндөн эрте эмес күнгө белгилейт.
78. Диссертациялык кеңеш ЖАКка диссертациянын коргоо датасын жылдыруунун себептерин жана жаңы датаны көрсөтүү менен коргоону жылдыруу жөнүндө өтүнүч кат жиберет. Мындай учурда авторефератта коргоонун жаңы датасы көрсөтүлөт.
79. Расмий оппоненттерди жана жетектөөчү уюмду алмаштыруу диссертациялык кеңештин чечими боюнча ишке ашырылат жана авторефератка тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.
7-глава. Диссертацияларды коргоо боюнча
диссертациялык кеңештин жыйналышын өткөрүү
80. Диссертациялык кеңештин төрагасы, төраганын орун басары жана окумуштуу катчысы, алар илимий кеңешчи/жетекчилик кылган же жакын тууганы болгон изденүүчүнүн диссертациясы каралган учурда диссертациялык кеңештин жыйналышында өз милдетин аткара алышпайт.
Диссертациялык кеңештин төрагасы, төраганын орун басары же окумуштуу катчы өз милдеттерин аткара албаган учурда, алардын милдеттерин аткаруу диссертациялык кеңештин мүчөлөрүнүн бирине убактылуу жүктөлөт жана ЖАКтын төрагасынын буйругу менен таризделет.
81. Төрага диссертациялык кеңештин жыйналышын ачып жатканда келүү барагынын негизинде кеңештин мүчөлөрүнө жыйналыштын толук укуктуулугу жөнүндө билдирет жана анын регламентин бекитет. Кеңештин мүчөлөрүнүн катышуусу, алардын окумуштуулук даражасы, адистигинин шифры жана алар диссертациялык кеңеште иш алып барган илимдин тармагы жыйналыштын келүү барагында чагылдырылышы керек.
82. Диссертациялык кеңештин жыйналышына, эгерде анын ишине курамындагы жана диссертациялык кеңештин жыйналышына онлайн режимде катышып жаткан мүчөлөрүн кошкондо үчтөн экиси катышса укуктуу деп эсептелет.
Сунушталган диссертацияларды квалификациялуу талкуулоо үчүн докторлук диссертацияны коргоодо жыйналышта каралып жаткан диссертациянын адистигинин шифры боюнча үчтөн кем эмес илимдин доктору, ал эми кандидаттык диссертацияны коргоодо экиден кем эмес илимдин доктору жана илимдин бир кандидаты катышуусу зарыл.
83. Диссертацияны коргоонун натыйжасы боюнча диссертациялык кеңеш электрондук жашырын добуш берүү өткөрөт. Электрондук жашырын добуш берүүгө диссертациялык кеңештин жыйналышка катышып жаткан мүчөлөрү, ЖАКтын президиумунун мүчөсү жана бир жолку коргоону өткөрүү үчүн диссертациялык кеңештин курамына киргизилген адистер катышат.
84. Диссертациялык кеңештин жыйналышына онлайн режимде катышып жаткан диссертациялык кеңештин мүчөлөрү онлайн добуш беришет.
85. Электрондук жашырын добуш берүүнүн натыйжасы изденүүчүнүн жеке кабинетинен автоматтык түрдө көрүнөт жана диссертациялык кеңештин төрагасы тарабынан жарыяланат.
86. Электрондук жашырын добуш берүү жол-жобосун өткөрүүдө техникалык көйгөйлөр келип чыккан учурда, диссертациянын каралышы улантыла берет же башка күнгө жылдырылат.
87. Илимдин доктору же кандидаты окумуштуулук даражасын берүү маселеси боюнча диссертациялык кеңештин чечими эгер ага жыйналышка катышып жаткан кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынан үчтөн экисинен кем эмеси добуш берсе, оң чечилди деп эсептелет.
88. Диссертациялык кеңештин корутундусунда изденүүчү тарабынан жеке алынган олуттуу илимий натыйжалар, алардын аныктыгына жана жаңылыгына берилген баа, теория жана практика үчүн мааниси, диссертациялык изилдөөнүн натыйжаларын практикада пайдалануу боюнча сунуштамалар чагылдырылат жана квалификациялык белгилери келтирилет.
89. Диссертациялык кеңештин корутундусунун тексти талкуудан кийин диссертациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат, андан кийин изденүүчүгө диссертациялык кеңештин чечими угузулат. Ушуну менен диссертациялык кеңештин төрагасы диссертациялык кеңештин жыйналышын бүттү деп жарыялайт.
90. Добуш берүүнүн натыйжасы боюнча окумуштуулук даража берүү жөнүндөгү маселеге терс чечим чыгарылган учурда, эгер ага жыйналышка катышкан диссертациялык кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кеми добуш берсе, диссертациялык кеңештин корутундусу кабыл алынбайт.
91. Диссертациялык кеңеш терс чечим чыгарылган учурда, коргоо өткөрүлгөн күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде ЖАКка кабарлоо кат жиберет. Мында изденүүчүнүн жеке кабинети жабылат.
92. ЖАКка апелляция жөнүндө арыз изденүүчүлөр, ошондой эле уюмдар жана мекемелер тарабынан берилет.
93. Изденүүчү диссертациясын электрондук жашырын добуш берүү башталганга чейин жазуу жүзүндө берген арызы боюнча кароодон алдырып салууга укугу бар. Диссертациялык кеңеш арыз берилген күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде диссертацияны кароодон алып салуу жөнүндө ЖАКка кабарлоо кат жиберет. Мында изденүүчүнүн жеке кабинети жабылат.
94. Изденүүчүнүн жазуу жүзүндө берген арызы боюнча кароодон алып салуу жөнүндө ЖАКтын чечими акыркы болуп саналат. Диссертация кароодон алынгандан кийин ал жалпы негиздерде коргоого кайрадан берилиши мүмкүн.
95. Эгер изденүүчү диссертацияда бирөөнүн материалын авторуна шилтеме жасабастан жана алган булактарын көрсөтпөстөн колдонгону, ошондой эле түзөөчү шилтеме жасабастан жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн текстти колдонгону аныкталса, анда диссертациялык кеңеш диссертацияны кайрадан коргоо укугунан ажыратуу менен кароодон алып салуу жөнүндө чечим чыгарат. Мындай учурда изденүүчүнүн диссертацияны кароодон алып салуу жөнүндө арызы кабыл алынбайт.
96. Диссертацияны коргоонун жыйынтыктары боюнча оң чечим чыгарылган учурда, окумуштуу катчы ЖАКка коргоо күнүнөн кийин 15 календардык күндүн ичинде окумуштуулук даражаны берүү боюнча документтердин тизмегине ылайык изденүүчүнүн электрондук аттестациялык делосун жиберет.
97. Изденүүчүнүн окумуштуулук даража берүү боюнча аттестациялык делосу жана диссертациясы диссертациялык кеңеш иш жүргүзгөн негизги уюштуруучунун архивинде сакталат.
98. Эки диссертация боюнча оң пикир берилип, кийин ЖАК тарабынан четке кагылган учурда, расмий оппоненттер диссертацияларга оппонент болуудан эки жылдык мөөнөткө четтетилет.
99. Диссертациялык кеңеш коргоонун натыйжасы боюнча терс чечим чыгарган диссертация бир жылдан эрте эмес мөөнөттө кайрадан иштелип чыккан түрүндө кайрадан коргоого коюлушу мүмкүн. Кайрадан коргоого ЖАКтын уруксаты талап кылынбайт. Кайрадан коргоодо расмий оппоненттердин курамы толугу менен алмаштырылат жана жаңы жетектөөчү уюм дайындалат.
100. Диссертацияны коргоонун жол-жоболору бузулганда, ЖАК диссертациялык кеңештин окумуштуулук даража берүү жөнүндө өтүнүч катын четтетет. Кайрадан коргоо ЖАКтын чечими кабыл алынгандан кийин алты айдан эрте эмес мөөнөттө өткөрүлүшү мүмкүн.