Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы № 637 токтомуна |
Окумуштуулук даражаларды ыйгаруу тартиби жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо окумуштуулук даражаларды ыйгаруу тартибин аныктайт, ошондой эле илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражаларын изденип алууга сунушталган диссертациялар жооп берүүгө тийиш болгон критерийлерди жана талаптарды белгилейт.
2. Илимдин доктору окумуштуулук даражасы илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар изденүүчүлөргө диссертациясын ачык коргоонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган диссертациялык кеңештин өтүнүчүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасынын (мындан ары – ЖАКтын төрагасы) буйругу менен ыйгарылат.
3. Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы адистин диплому менен ырасталган жогорку билими же “магистр” квалификациясы бар изденүүчүлөргө диссертациясын ачык коргоонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган диссертациялык кеңештин өтүнүчүнүн негизинде ЖАКтын төрагасынын буйругу менен ыйгарылат.
2-глава. Окумуштуулук даражаны изденип алууга сунушталган диссертацияларга карата критерийлер жана талаптар
4. Диссертация жеке илимий-квалификациялык иш болуп эсептелет жана ал изденүүчүнүн жеке өзү тарабынан жазылышы керек, анда ачык коргоо үчүн автор тарабынан сунуш кылынган жаңы илимий жыйынтыктардын жана жоболордун жыйындысы камтылууга, иштин белгилүү багыты, иштелип же изилденип жаткан маселенин алкагында натыйжалардын өз ара байланышынын болушу менен шартталган ички биримдикке ээ болууга жана изденүүчүнүн илимге кошкон жеке салымын күбөлөндүрүүгө тийиш.
Изденүүчүнүн диссертацияда жана авторефератта баяндалган жыйынтыктарды алуудагы конкреттүү жеке салымын аныктоодо ага таандык идея, гипотеза, алардын эксперименттик ырастоосу, иштелип чыккан методикасы жана аппаратурасы, алынган натыйжаларынын теориялык жактан иштелип чыгышы, илимий жоболорунун чечмелениши ж.б. көрсөтүлүшү керек.
5. Илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертация төмөнкү критерийлердин бирине ылайык келиши керек:
1) жаңы илимий багытты иштеп чыгуу же жыйындысы тиешелүү илимдин тармагындагы ири жетишкендик катары эсептеле турган актуалдуу илимий багыттын бирин жана принциптүү жаңы натыйжалардын мазмунун концептуалдуу өнүктүрүү;
2) аларды ишке киргизүү илимий-техникалык прогрессти өнүктүрүүгө жана тездетүүгө зор салым кошо турган илимий негизделген техникалык, социалдык-экономикалык жана технологиялык жаңы методдорду иштеп чыгуу жолу менен илимий маселелерди чечүү.
6. Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертация төмөнкүдөй критерийлердин бирине ылайык келиши керек:
1) илимдин тийиштүү тармагы үчүн олуттуу мааниси бар милдеттердин чечилиши;
2) илимдин тийиштүү тармагы үчүн олуттуу мааниге ээ, илимий негизделген техникалык, социалдык-экономикалык же технологиялык иштеп чыгуулардын баяндалышы.
7. Докторлук жана кандидаттык диссертациялар илимдин бир тармагынын чегинде бир же эки илимий адистик боюнча коргоого коюлушу мүмкүн.
8. Медицина илимдери боюнча окумуштуулук даражаларды изденип алуу үчүн диссертацияны коргоого жогорку медициналык билими бар, ординатураны бүтүргөн адамдарга жол берилет. Ветеринария илимдери боюнча − адистин диплому же “бакалавр” квалификациясы болгондо “магистр” квалификациясы менен ырасталган жогорку ветеринардык билими бар адамдарга. Юридика илимдери боюнча − адистин диплому же “бакалавр” квалификациясы болгондо “магистр” квалификациясы менен ырасталган жогорку юридикалык билими бар адамдарга.
Докторлук/кандидаттык диссертацияны коргоого докторантураны/аспирантураны окуп бүтүргөн адамдарга, ошондой эле диссертацияларды даярдоо үчүн илимий-изилдөө жана эксперименттик базасы бар жогорку окуу жайларына жана/же илимий жана илимий-техникалык уюмдарга бекитилген изденүүчүлөргө уруксат берилет.
9. Жогорку билими диссертация даярдалган илимдин тийиштүү тармагына туура келбеген илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына изденүүчү экзаменди диссертация коргоого кабыл алынган адистик боюнча тапшырат.
10. Диссертацияда баяндалгандардын толуктугу жана жыйынтыктарынын аныктыгы үчүн изденүүчү жеке өзү жана илимий кеңешчиси/жетекчиси жоопкерчилик тартат.
11. Илимдин кандидаты докторлук диссертациясын коргоо үчүн докторлук диссертациянын негизги жыйынтыктары 15тен кем эмес публикацияда жарыяланышы керек, анын ичинде милдеттүү түрдө төмөнкүлөр болушу зарыл:
1) “Scopus” жана/же “Web of Science” системаларында индекстелүүчү илимий мезгилдүү басылмаларда 2 макала;
2) РИНЦ ядросунда 1 макала;
3) ЖАКтын рецензиялануучу илимий мезгилдүү басылмалардын тизмегине кирген илимий басылмаларда публикациялары.
Буга “кыргыз тили”, “кыргыз адабияты” жана “фольклористика” адистиктери боюнча мамлекеттик тилде жазылган диссертациялар кирбейт, алар үчүн РИНЦ системасында индекстелүүчү, импакт-фактору 0,2ден кем эмес илимий мезгилдүү басылмаларда 4төн кем эмес макаласынын болушу милдеттүү.
12. Илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн илимий доклад түрүндөгү диссертация изденүүчү тарабынан диссертациянын темасына ылайык келген илим жана практика үчүн олуттуу мааниге ээ болгон жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн, иштеп чыгуулардын жана жарыяланган эмгектердин жыйындысынын негизинде даярдалат.
13. Илимдин кандидатынын илимий доклад түрүндөгү докторлук диссертацияны коргоо үчүн жеке өзүнүн монографиясы, “Scopus” жана/же “Web of Science” системаларында индекстелүүчү мезгилдүү илимий басылмаларда 12ден кем эмес макаласы болушу керек.
Илимий доклад түрүндөгү докторлук диссертацияны коргоо тартиби Диссертациялык кеңеш жөнүндө жобо менен аныкталат.
14. Кандидаттык диссертациянын негизги жыйынтыктары 5тен кем эмес публикацияда жарыяланышы керек, анын ичинде милдеттүү түрдө:
1) “Scopus” жана/же “Web of Science” системаларында индекстелүүчү илимий мезгилдүү басылмаларда 1 макала;
2) РИНЦ системасында индекстелүүчү, импакт-фактору 0,2ден кем эмес илимий мезгилдүү басылмаларда 1 макала;
3) ЖАКтын Рецензиялануучу илимий мезгилдүү басылмалардын тизмегине кирген илимий басылмаларда публикациялар.
Буга “кыргыз тили”, “кыргыз адабияты” жана “фольклористика” адистиктери боюнча мамлекеттик тилде жазылган диссертациялар кирбейт, алар үчүн РИНЦ системасы аркылуу индекстелүүчү, импакт-фактору 0,2ден кем эмес илимий мезгилдүү басылмаларда 2ден кем эмес макаласынын болушу милдеттүү болуп саналат.
15. Жарыяланган эмгектер диссертациянын темасына жана мазмунуна так ылайык келиши керек. Илимий басылманын бир номерине окумуштуулук даражаны изденүүчүнүн экиден көп эмес макаласын жарыялоого болот, калган макалалары эсепке алынбайт. Акыркы макалалар диссертацияны диссертациялык кеңешке бергенге чейин жарыяланышы керек.
16. Илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражаларын изденип алууга диссертациялардын негизги илимий жыйынтыктары баяндалган жарыяланган эмгектерге төмөнкүлөр теңештирилет: белгиленген тартипте катталып, ачылыштарга берилген дипломдор; ойлоп табууларга, пайдалуу моделге, өндүрүштүк үлгүгө берилген патенттер; ЭЭМ программаларына берилген күбөлүктөр; интегралдык микросхемалардын топологиясы, ошондой эле илимий конференцияларда, симпозиумдарда, форумдарда окулган жана толук көлөмдө жарыяланган докладдар.
Мында гезиттик макалалар, депонирленген кол жазмалар, докладдын тезистери жарыяланган эмгектердин тизмесине кирбейт.
17. Диссертациялар мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылышы мүмкүн.
Мамлекеттик тилде жазылган докторлук диссертациялар үчүн мамлекеттик тилде жарыяланган 4төн кем эмес жана кандидаттык диссертациялар үчүн 2ден кем эмес макаланын болушу милдеттүү.
18. Диссертациясын мамлекеттик тилде жазган окумуштуулук даражасын изденүүчүлөр үчүн “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин төмөнкүдөй деңгээлдердеги сертификаты милдеттүү түрдө болушу керек:
1) диссертациясын мамлекеттик тилде жазган изденүүчүлөр – В2 деңгээли;
2) кыргыз тили, кыргыз адабияты жана аларды окутуунун методикасы боюнча адистер – С1 деңгээли.
19. Докторлук жана кандидаттык диссертациялардын темалары төмөнкүлөр менен байланыштуу болууга тийиш:
– мамлекетти жана коомду өнүктүрүүнүн улуттук программалары;
– илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары;
– ЖОЖдордун жана/же илимий жана илимий-техникалык уюмдардын негизги илимий-изилдөө иштеринин багыттары.
Диссертациялардын темалары ЖОЖдун жана/же илимий жана илимий-техникалык уюмдардын окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңештери тарабынан ар бир изденүүчүгө жекече бекитилет жана ЖАКтын сайтындагы диссертациялык иштердин темаларынын реестрине жайгаштырылат.
20. Докторлук диссертация илимий кеңешчинин жетекчилиги менен аткарылат. Докторлук диссертацияга илимий кеңешчи катары илимдин доктору тартылат.
21. Докторлук диссертация эки адистик боюнча аткарылган учурда экинчи илимий кеңешчини – илимдин докторун дайындоого уруксат берилет. Докторлук диссертация изденүүчү тарабынан илимий кеңешчисиз өз алдынча аткарылышы да мүмкүн.
22. Кандидаттык диссертацияга илимий жетекчиликке адистиги боюнча авторефератка же жарыяланган эмгектеринин жыйындысы боюнча ылайык келген илимдин доктору дайындалат. Эки илимий жетекчинин дайындалышына кандидаттык диссертация эки адистиктин кошулушунда аткарылган учурда гана уруксат берилет.
23. ЖОЖдун жана/же илимий жана илимий-техникалык уюмдун окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин чечиминин негизинде ЖАКтын уруксаты менен илимий жетекчиликке тиешелүү адистик боюнча илимдин кандидаты тартылат:
1) 10 жылдан кем эмес илимий же илимий-педагогикалык иш стажы бар;
2) 5 жылдан кем эмес доцент же улук илимий кызматкер окумуштуулук наамы бар;
3) кандидаттык диссертациясын коргогондон кийин Рецензиялануучу мезгилдүү илимий басылмалардын тизмегине кирген илимий басылмаларда, анын ичинде “Scopus” жана/же “Web of Science” системаларында индекстелүүчү мезгилдүү илимий басылмаларда 4төн кем эмес макаласы бар.
24. Докторлук жана кандидаттык диссертациялардын темасы жана илимий кеңешчиси/жетекчиси окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин чечими менен ЖОЖдордо жана/же илимий жана илимий-техникалык уюмдарда бекитилет.
25. Изденүүчүнүн каалоосу боюнча диссертациялык иште плагиаттын же жасалма интеллект менен түзүлгөн тексттин бар/жок экендигин компьютердик программа боюнча текшерүү диссертацияны коргоого чейин акы төлөөнүн негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында текшерүүнүн коргоого чейинки алынган натыйжалары маалыматтык мүнөздө гана болот.
26. Диссертацияда авторуна жана/же алган булагына шилтеме жасабастан бирөөнүн эмгегин колдонуу, ошондой эле диссертацияда түзөтүүчү шилтеме жасабастан жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн текстти колдонуу плагиат катары таанылат. Мындай учурларда диссертация кайрадан коргоо укугу берилбестен четке кагылат.
3-глава. Диссертациялардын жана электрондук аттестациялык делолордун ЖАКта каралышы
27. ЖАКтын аттестациялык бөлүмдөрү электрондук аттестациялык делонун документтерин алгандан кийин анын аттестациялык делолорду тариздөөгө коюлган талаптарга ылайык келишин техникалык текшерүүдөн өткөрөт.
28. Эгерде электрондук аттестациялык делону текшерүүдө документтерди тариздөөгө коюлган талаптар бузулгандыгы аныкталса, ЖАК электрондук аттестациялык делону карабастан диссертациялык кеңешке аны жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарат.
Диссертациялык кеңеш электрондук аттестациялык делону ЖАКтан алган күндөн тартып 15 календарлык күндүн ичинде аныкталган талап бузууларды оңдоого милдеттүү.
29. Илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча диссертацияларды жана аттестациялык делолорду ЖАКта кароонун жалпы мөөнөтү үч айдан ашык эмес убакытты түзөт.
30. Илимдин доктору, кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алууга диссертацияларды бекитүү (четке кагуу) жөнүндө ЖАКтын чечими ЖАКтын сайтына жайгаштырылат.
31. Диссертациялык кеңештин окумуштуу катчысы изденүүчүнүн окумуштуулук даражасы ЖАКта бекитилгенден кийин мукабаланган диссертацияны туруктуу сактоо үчүн Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына жөнөтөт. Диссертациялар PDF форматында ЖАКтын расмий сайтында диссертациялардын маалымат базасына жайгаштырылат.
4-глава. Аттестациялык документтерди нострификациялоо
32. Чет мамлекеттерде берилген окумуштуулук даражаларды ыйгаруу жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди нострификациялоо тууралуу чечим изденүүчүнүн арызы же изденүүчү иштеген уюмдун өтүнүч каты боюнча ЖАК тарабынан кабыл алынат.
33. Нострификациялоо үчүн ЖАКка берилген TOP 500 QS World University Rankings жана Times Higher Educationге кирген мекемелер тарабынан берилген философиянын доктору (PhD)/профиль боюнча доктор, хабилитацияланган доктор (Dr. Habil) дипломдору Кыргыз Республикасынын аймагында автоматтык түрдө таанылат.
34. TOP 500 QS World University Rankings жана Times Higher Educationге кирген мекемелерде корголгон диссертациялардан башка, нострификациялоо үчүн ЖАКка берилген философия докторунун (PhD)/профиль боюнча доктордун, хабилитацияланган доктордун (Dr. Habil) диссертациялары илимий-эксперттик баа берүүгө жөнөтүлөт.
35. Чет мамлекеттерде берилген философиянын доктору (РhD)/профиль боюнча доктор даражасы диссертацияны ЖАКтын эксперттеринен экспертизадан өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагында илимдин тиешелүү тармагында илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына эквиваленттүү деп таанылышы мүмкүн.
36. Чет мамлекеттерде берилген хабилитацияланган доктор (Dr. Habil) даражасы диссертацияны ЖАКтын эксперттеринен экспертизадан өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагында илимдин тиешелүү тармагы боюнча илимдин доктору окумуштуулук даражасына эквиваленттүү деп таанылышы мүмкүн.
37. Нострификация үчүн ЖАКка берилген илимдин кандидатынын же докторунун диссертациясы диссертацияда авторуна жана/же алынган булагына шилтеме жасабастан бирөөнүн эмгегин, ошондой эле түзөтүүчү шилтеме жасабастан жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн текстти колдонуусу текшерүүдөн өтөт.
Плагиат жок болсо же Диссертациялык иштерде плагиат бар/жок экендигин компьютердик программа аркылуу текшерүү боюнча нускамага ылайык белгиленген, өздөштүрүүнүн жол берилүүчү пайызы болсо, диссертация ЖАКтын аттестациялык бөлүмүнө документтерди тариздөө үчүн өткөрүп берилет.
38. Чет мамлекеттерде берилген окумуштуулук даражалардын дипломдорун нострификациялоо үчүн изденүүчү ЖАКтын сайтындагы “Нострификация” бөлүмүнөн жеке иш бөлмөсүн ачат.
39. Чет мамлекеттерде берилген философия доктору (PhD)/профиль боюнча доктор, хабилитацияланган доктор (Dr. Habil) окумуштуулук даражаларды ыйгаруу жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди жана диссертацияларды ЖАКта кароо үч айдан ашпаган мөөнөттү түзөт.
5-глава. Окумуштуулук даражадан ажыратуу (калыбына келтирүү)
40. ЖАКтын чечими менен окумуштуулук даража берилген адамдар төмөнкү учурларда окумуштуулук даражаларынан ажыратылышы мүмкүн:
1) окумуштуулук даража ээсинин арызы боюнча;
2) окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөрдүн жасалма документтерди, мыйзамсыз жолдор аркылуу алынган документтерди, анык эмес маалыматтарды камтыган документтерди колдонгондугун күбөлөндүргөн фактылар аныкталса, анын ичинде:
– билими тууралуу документи;
– диссертациянын темасы бекитилген уюмдун диссертациянын талкуусу боюнча берген оӊ корутундусу;
– чет мамлекеттен берилген илимдин кандидатынын диплому (окумуштуулук даражасын таануу жөнүндө күбөлүк);
3) ушул Жободо белгиленген окумуштуулук даражаны изденүү үчүн коюлган диссертацияга карата талаптардын жана критерийлердин бузулушу;
4) изилдөөнүн алынган натыйжаларынан плагиат же диссертацияда түзөтүүчү шилтеме жасабастан жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн текстти колдонуусу аныкталса.
41. Окумуштуулук даражадан ажыратуу (калыбына келтирүү) боюнча эскирүү мөөнөтү ыйгаруу жөнүндө чечим чыгарылган күндөн тартып 3 жылдан ашпайт.
42. 40-пунктта саналган учурлар аныкталганда ЖАКтын төрагасынын буйругу менен комиссия түзүлөт, ага төраганын орун басары, башкы окумуштуу катчы, тиешелүү аттестациялык бөлүмдүн жетекчиси, коомчулуктун өкүлдөрү киргизилет. Зарыл учурда комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.
43. Комиссиянын кароо жана тиешелүү корутундуну чыгаруу мөөнөтү 14 жумуш күндү түзөт. Зарыл учурларда кароо мөөнөтү ЖАКтын төрагасынын чечими менен 30 календарлык күндөн ашык эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
44. Комиссиянын корутундусунун негизинде ЖАКтын төрагасы төмөнкүдөй чечим чыгарат:
1) окумуштуулук даражадан ажыратуу жөнүндө;
2) окумуштуулук даражадан ажыратуудан баш тартуу жөнүндө.
45. Окумуштуулук даражасын калыбына келтирүү маселелерин кароо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
– окумуштуулук даражаны калыбына келтирүү жөнүндө жеке адамдын арызы;
– сот органдарынын чечими.
6-глава. Апелляциялардын ЖАКта каралашы
46. Апелляциялык комиссиялар окумуштуулук даражаларды ыйгаруу (ажыратуу) боюнча диссертациялык кеӊештердин чечими боюнча ЖАКта түзүлөт.
47. ЖАК плагиат же диссертацияда түзөтүүчү шилтеме жасабастан жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн текстти колдонгондугун аныктоонун негизинде окумуштуулук даражаны ыйгаруу жөнүндө өтүнүч катты четке каккан учурларды кошпогондо, арыз (апелляция) ЖАКка уюмдар жана мекемелер, ошондой эле изденүүчүлөр тарабынан берилет.
48. Арыз (апелляция) ЖАКка тиешелүү чечим чыгарылган күндөн тартып үч айдан кечиктирилбестен берилет. Апелляция негиздүү болушу керек, зарыл учурда ага далилдерди ырастоочу документтер тиркелет.
49. Апелляциялык комиссиянын курамына төраганын орун басары, башкы окумуштуу катчы, тиешелүү аттестациялык бөлүмдүн жетекчиси, ошондой эле ЖАКтын президиумунун мүчөсү (мүчөлөрү), илимдин тийиштүү тармагы боюнча адистер, коомчулуктун өкүлдөрү киргизилет.
50. Апелляциялык комиссия тарабынан кароо жана тиешелүү корутунду чыгаруу мөөнөтү 14 жумуш күндү түзөт. Зарыл учурларда кароо мөөнөтү ЖАКтын жетекчисинин чечими менен 30 календарлык күндөн ашык эмес узартылышы мүмкүн.
51. Апелляциялык комиссиянын жыйналышы, эгерде анын ишине тизмелик курамынын үчтөн экиден кем эмеси катышса ыйгарым укуктуу болуп саналат.
52. Апелляциялык комиссиянын чечими менен жыйналышка арыз ээси, изденүүчү жана апелляцияда коюлган маселелерге түздөн-түз тиешеси бар башка адамдар чакырылышы мүмкүн.
53. Апелляциялык комиссия кошумча материалдарды суратып алууга укуктуу.
54. Диссертациялык кеңештердин ишинин токтотулушу апелляция маселелерин кароону токтотуу үчүн негиз болуп саналбайт.
55. Апелляциялык комиссиянын чечими корутунду түрүндө таризделет.
56. Апелляциялык комиссиянын корутундусунун негизинде ЖАКтын төрагасы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынат.
57. ЖАКка мурдагы негиз боюнча кайрадан апелляциялык арыз берүүгө жол берилбейт.
58. ЖАКтын чечими менен макул эмес болгон учурда аны “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде талашууга мүмкүн:
1) окумуштуулук даражалардан ажыратуу (калыбына келтирүү) маселелери боюнча;
2) диссертациялык кеңештер тарабынан окумуштуулук даражаларды ыйгаруу (ажыратуу) боюнча;
3) окумуштуулук даражаларды ыйгаруу жөнүндө документтерди нострификациялоону четке кагуу боюнча.