ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-сентябрындагы № 568 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 122 «2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу токтому

Редакция06.09.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 6-сентябры № 568

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 19-мартындагы № 122 “2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

 

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 122 “2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 2025-жылы айыл чарбасын каттоого өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча негизги иштердин календардык планында:

– 14-пункт “Калктуу конуштардын” деген сөздөрдөн кийин “(шаарларды кошпогондо)” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 68 (3724) саны менен жарыяланган.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев