Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы № 637 токтомуна |
Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби
жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо профессор, доцент жана улук илимий кызматкер окумуштуулук наамдарын (мындан ары – окумуштуулук наамдар) ыйгаруу тартибин белгилейт.
2. Окумуштуулук наамдар Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасынын (мындан ары – ЖАКтын төрагасы) буйругу менен Окумуштуулук наам ыйгарылуучу адистиктердин тизмегине ылайык Окумуштуулук наамды ыйгарууга сунуштоого укуктуу мекемелердин тизмегине кирген жогорку окуу жайларынын (мындан ары – ЖОЖ) жана/же илимий жана илимий-техникалык уюмдардын өтүнүчтөрүнүн негизинде жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларга ыйгарылат.
3. Окумуштуулук наамдар ЖОЖдордо жана/же илимий жана илимий-техникалык уюмдарда, квалификацияны жогорулатуу институттарында штатта же айкалыштыруу менен иштеген адамдарга алар ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келгенде ыйгарылышы мүмкүн.
2-глава. Профессор окумуштуулук наамын ыйгаруу
4. Профессор – илимдин, искусствонун, дене тарбия жана спорттун белгилүү бир жаатында адис деп эсептелген ЖОЖдун окутуучусунун же илимий-изилдөө мекемесинин илимий кызматкеринин окумуштуулук наамы, ал ушул Жобонун талаптары сакталган шартта ыйгарылат.
5. Профессор окумуштуулук наамы ЖОЖдо профессордун, кафедра башчысынын, факультеттин деканынын, филиалдын, институттун жетекчисинин, ЖОЖдун же квалификацияны жогорулатуу институтунун проректорунун, ректорунун кызмат ордунда иштеген илимдин докторлоруна, эгер алардын окумуштуулук наамды изденип алуу үчүн даярдалган электрондук аттестациялык делосунда көрсөтүлгөн илимий адистиги боюнча жарыяланган окуу-методикалык жана илимий иштери болсо, жогорку кесиптик деңгээлде лекциялардын курсун окуса, ошондой эле аттестациялык документтерин берген учурда төмөнкү талаптарга жооп берсе ыйгарылышы мүмкүн:
1) диссертацияны коргогондон кийин аталган кызмат орундарында үч окуу жылынан кем эмес үзгүлтүксүз иштесе;
2) ЖОЖдордо же квалификацияны жогорулатуу институттарында он жылдан кем эмес илимий-педагогикалык иш стажы болсо;
3) бештен кем эмес окуу-методикалык жана/же окуу эмгектери, “Scopus” жана/же “Web of Science” системалары тарабынан индекстелүүчү илимий мезгилдүү басылмаларда жарыяланган 1ден кем эмес макаласы болсо, ошондой эле алар үчүн РИНЦ системасы тарабынан индекстелүүчү, импакт-фактору 0,2ден кем эмес илимий мезгилдүү басылмаларда 3төн кем эмес макаласынын болушу милдеттүү болгон “кыргыз тили”, “кыргыз адабияты” адистиктери боюнча изденүүчүлөрдү кошпогондо, импакт-фактору нөлгө барабар болбогон илимий мезгилдүү басылмаларда публикациясы болсо;
4) доцент же улук илимий кызматкер окумуштуулук наамы болсо;
5) илимий жетекчи катары илимдин доктору жана/же кандидаты окумуштуулук даражалары берилген экиден кем эмес окуучу даядардаса.
Эмгектери доктордук диссертацияны коргогондон кийин жарыяланууга тийиш.
6. Профессор окумуштуулук наамы профессордун, кафедра башчысынын, факультеттин деканынын, филиалдын же институттун жетекчисинин, ЖОЖдун же квалификацияны жогорулатуу мекемесинин проректорунун, ректорунун кызмат ордунда иштеген илимдин кандидаттарына, эгер алардын окумуштуулук наамды изденип алуу үчүн даярдалган электрондук аттестациялык делосунда көрсөтүлгөн илимий адистиги боюнча жарыяланган окуу-методикалык жана илимий иштери болсо, жогорку кесиптик деңгээлде лекциялардын курсун окуса, ошондой эле аттестациялык документтерин берген учурда төмөнкү талаптарга жооп берсе ыйгарылышы мүмкүн:
1) диссертацияны коргогондон кийин аталган кызмат орундарында үч окуу жылынан кем эмес үзгүлтүксүз иштесе;
2) он беш жылдан кем эмес илимий-педагогикалык иш стажы болсо, анын ичинде он жылдан кем эмесин ЖОЖдордо педагогикалык иште иштесе;
3) доцент же улук илимий кызматкер окумуштуулук наамы болсо;
4) бештен кем эмес окуу-методикалык жана/же окуу эмгектери, “Scopus” жана/же “Web of Science” системалары тарабынан индекстелүүчү илимий мезгилдүү басылмаларда жарыяланган 3төн кем эмес макаланын автору (авторлошу) болсо;
5) Кыргыз Республикасынын илим жана жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ЖОЖдор, квалификацияны жогорулатуу институттары үчүн сунушталган, педагогикалык иште колдонулуучу окуу китебинин автору (авторлошу) болсо;
6) илимий жетекчи катары илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы берилген экиден кем эмес окуучуну даярдаса.
Эмгектери кандидаттык диссертацияны коргогондон кийин жарыяланууга тийиш.
7. Профессор окумуштуулук наамы ЖОЖдордо профессордун, кафедра башчысынын, декандын, проректордун, ректордун, филиалдын жетекчисинин кызмат ордунда иштеген искусство кызматкерлерине, эгер алар жогорку кесиптик деңгээлде лекциялардын курсун окуса же сабак берсе, ошондой эле электрондук аттестациялык документтерин берген учурда төмөнкү талаптарга жооп берсе ыйгарылышы мүмкүн:
1) аталган кызмат орундарында үч окуу жылынан кем эмес үзгүлтүксүз иштесе;
2) ЖОЖдордо он жылдан кем эмес чыгармачыл-педагогикалык иш стажы болсо;
3) тиешелүү жогорку билими болсо;
4) профессор окумуштуулук наамына көрсөтүлгөнгө чейин беш жыл мурда ыйгарылган доцент окумуштуулук наамы болсо;
5) Кыргыз Республикасынын, мурдагы СССРдин же мурдагы союздук республикалардын ардак наамдары (эл артисти, эл сүрөтчүсү, эл архитектору, искусствого эмгек сиңирген ишмер, эмгек сиңирген артист, эмгек сиңирген сүрөтчү, эмгек сиңирген архитектор ж.б.) болсо;
6) эл аралык көргөзмөлөрдүн, конкурстардын, фестивалдардын, кароолордун, сыйлыктардын лауреаттары (дипломанттары) болгон экиден кем эмес окуучуну даярдаса;
7) ондон кем эмес илимий, окуу-методикалык же чыгармачыл эмгектин автору (авторлошу) болсо.
8. Профессор окумуштуулук наамы ЖОЖдордо профессордун, кафедра башчысынын, декандын, проректордун, ректордун, филиалдын жетекчисинин, окуу жайына караштуу спорт мектебинин жетекчисинин кызмат ордунда иштеген дене тарбия жана спорт кызматкерлерине, эгер алардын жарыяланган окуу-методикалык жана илимий иштери болсо, жогорку кесиптик деңгээлде лекциялардын курсун окуса, сабак берсе, ошондой эле электрондук аттестациялык документтерди берген учурда төмөнкү талаптарга жооп берсе ыйгарылышы мүмкүн:
1) аталган кызмат орундарында үч окуу жылынан кем эмес үзгүлтүксүз иштесе;
2) ЖОЖдордо он беш жылдан кем эмес илимий-педагогикалык иш стажы болсо, анын ичинде он жылдан кем эмесин ЖОЖдордо же квалификацияны жогорулатуу институттарында педагогикалык иште иштесе;
3) тиешелүү жогорку билими болсо;
4) профессор окумуштуулук наамына көрсөтүлгөнгө чейин беш жыл мурда ыйгарылган доцент окумуштуулук наамы болсо;
5) спорт жаатында жана машыктыруучулук иште олуттуу жеке жетишкендиктери болсо, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу”, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери” же “Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер” ардактуу наамдары болсо;
6) жарыяланган ондон кем эмес илимий жана окуу-методикалык иштердин автору (авторлошу) болсо;
7) Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан билим берүү чөйрөсүндө пайдаланууга сунушталган ЖОЖдор жана орто кесиптик окуу жайлары, квалификацияны жогорулатуу мекемелери, жалпы билим берүү мекемелери, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү мекемелери үчүн акыркы он жыл ичинде жарыяланган окуу китептеринин (окуу куралдарынын) автору болсо же Олимпиадалык оюндардын, дүйнөлүк чемпионаттардын, Азия чемпионатырынын жана башка эл аралык мелдештердин экиден кем эмес чемпиондорун же байге ээлерин даярдаса.
9. Профессор окумуштуулук наамы илимий-изилдөө бөлүмүнүн (бөлүмчөсүнүн, секторунун, лабораториясынын) башчысынын (начальнигинин), ЖОЖдордун же квалификацияны жогорулатуу институттарынын илимий мекемелеринин жана илимий бөлүмдөрүнүн башкы илимий кызматкеринин, илимий уюмдарда окумуштуу катчынын, директордун орун басарынын, директордун кызмат ордунда иштеген илимдин докторлоруна, эгер алардын окумуштуулук наамды изденип алуу үчүн даярдалган электрондук аттестациялык делосунда көрсөтүлгөн илимий адистиги боюнча жарыяланган илимий иштери болсо, ошондой эле аттестациялык документтерин берген учурда төмөнкү талаптарга жооп берсе ыйгарылышы мүмкүн:
1) диссертацияны коргогондон кийин аталган кызмат орундарында үч окуу жылынан кем эмес үзгүлтүксүз иштесе;
2) он жылдан кем эмес илимий иш стажы болсо;
3) жеке монографиясы, “Scopus” жана/же “Web of Science” системалары тарабынан индекстелүүчү илимий мезгилдүү басылмаларда жарыяланган 3төн кем эмес макаланын, ошондой эле алар үчүн РИНЦ системасы тарабынан индекстелүүчү, импакт-фактору 0,2ден кем эмес илимий мезгилдүү басылмаларда 3төн кем эмес макаласынын болушу милдеттүү болгон “кыргыз тили”, “кыргыз адабияты” адистиктери боюнча изденүүчүлөрдү кошпогондо, импакт-фактору нөлгө барабар болбогон илимий мезгилдүү публикациянын автору болсо.
4) улук илимий кызматкер же доцент окумуштуулук наамы болсо;
5) илимий жетекчи катары илимдин доктору жана/же кандидаты окумуштуулук даражасы берилген экиден кем эмес окуучуну даярдаса.
6) Эмгектери доктордук диссертацияны коргогондон кийин жарыяланууга тийиш.
3-глава. Доцент окумуштуулук наамын ыйгаруу
10. Доцент – компетенттүүлүктүн жогорку деңгээлиндеги, илимдин, искусствонун, дене тарбия жана спорттун белгилүү бир жаатында лекциялардын курсун окуган окутуучунун окумуштуулук наамы, ал ушул Жобонун талаптары сакталган шартта ыйгарылат.
11. Доцент окумуштуулук наамы доценттин, кафедра башчысынын, факультеттин деканынын, филиалдын же институттун жетекчисинин, ЖОЖдун же квалификацияны жогорулатуу институтунун проректорунун, ректорунун кызмат ордунда иштеген окумуштуулук даражасы бар адамдарга, эгер алардын окумуштуулук наамды изденип алуу үчүн даярдалган электрондук аттестациялык делосунда көрсөтүлгөн илимий адистиги боюнча жарыяланган окуу-методикалык жана илимий иштери болсо, жогорку кесиптик деңгээлде лекциялардын курсун окуса, ошондой эле аттестациялык документтерди берген учурда төмөнкү талаптарга жооп берсе ыйгарылышы мүмкүн:
1) диссертацияны коргогондон кийин аталган кызмат орундарында үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштесе;
2) сегиз жылдан кем эмес илимий-педагогикалык иш стажы болсо, анын ичинде беш жылдан кем эмесин ЖОЖдордо же квалификацияны жогорулатуу институттарында педагогикалык иште иштесе;
3) экиден кем эмес окуу-методикалык жана/же окуу эмгектери, “Scopus” жана/же “Web of Science” же болбосо РИНЦ системалары тарабынан индекстелүүчү импакт-фактору 0,2ден кем эмес илимий мезгилдүү басылмаларда 4 макаласы болсо.
4) Эмгектери диссертацияны коргогондон кийин жарыяланууга тийиш.
12. Доцент окумуштуулук наамы ЖОЖдордо доценттин, кафедра башчысынын, декандын кызмат ордунда иштеген искусство кызматкерлерине, эгер алар жогорку кесиптик деңгээлде лекциялардын курсун окуса, сабак берсе, ошондой эле электрондук аттестациялык документтерди берген учурда төмөнкү талаптарга жооп берсе ыйгарылышы мүмкүн:
1) аталган кызмат орундарында үч окуу жылынан кем эмес үзгүлтүксүз иштесе;
2) ЖОЖдордо беш окуу жылынан кем эмес педагогикалык иш стажы болсо;
3) тиешелүү жогорку билими болсо;
4) өзүнүн чыгармачылык жаатында жеке жетишкендиктери, Кыргыз Республикасынын, мурдагы СССРдин же мурдагы союздук республикалардын ардак наамдары (искусствого эмгек сиңирген ишмер, эмгек сиңирген артист, эмгек сиңирген сүрөтчү, эмгек сиңирген архитектор ж.б.) болсо;
5) педагогикалык иште колдонулган жарыяланган үчтөн кем эмес окуу-методикалык, илимий жана чыгармачыл иштердин автору болсо;
6) эл аралык жана республикалык конкурстардын, көргөзмөлөрдүн, фестивалдардын, кароолордун, сыйлыктардын экиден кем эмес лауреатын (дипломантын) даярдаса.
13. Доцент окумуштуулук наамы ЖОЖдо доценттин, кафедра башчысынын, декандын кызмат ордунда иштеген дене тарбия жана спорт кызматкерлерине, эгер алардын жарыяланган окуу-методикалык жана илимий иштери болсо, жогорку кесиптик деңгээлде лекциялардын курсун окуса, сабак берсе, ошондой эле электрондук аттестациялык документтерди берген учурда төмөнкү талаптарга жооп берсе ыйгарылышы мүмкүн:
1) аталган кызмат орундарында үч окуу жылынан кем эмес үзгүлтүсүз иштесе;
2) ЖОЖдордо беш жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы болсо;
3) тиешелүү жогорку билими болсо;
4) өзүнүн иши жаатында жеке жетишкендиктери болсо, “Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер”, “Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын жана спортунун отличниги”, “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” сыйлыктарынын ээси болсо;
5) акыркы үч жылда жарыяланган бештен кем эмес илимий жана окуу-методикалык иштердин автору (авторлошу) болсо.
4-глава. Улук илимий кызматкер окумуштуулук
наамын ыйгаруу
14. Улук илимий кызматкер – илимий-изилдөө мекемесинин компетенттүүлүктүн жогорку деңгээлиндеги илимий кызматкеринин окумуштуулук наамы, ал ушул Жобонун талаптары сакталган шартта ыйгарылат.
15. Улук илимий кызматкер окумуштуулук наамы ЖОЖдордун жана квалификацияны жогорулатуу институттарынын илимий мекемелеринин жана илимий бөлүмдөрүнүн улук илимий кызматкери, жетектөөчү илимий кызматкери, башкы илимий кызматкери, илимий-изилдөө бөлүмүнүн (бөлүмчөсүнүн, секторунун, лабораториясынын) башчысынын (начальнигинин), илимий уюмдарда окумуштуу катчынын, директордун орун басарынын, директордун кызмат ордунда иштеген окумуштуулук даражасы бар жактарга, эгер алардын окумуштуулук наамды изденип алуу үчүн даярдалган электрондук аттестациялык делосунда көрсөтүлгөн илимий адистиги боюнча жарыяланган илимий иштери болсо, ошондой эле аттестациялык документтерин берген учурда төмөнкү талаптарга жооп берсе ыйгарылышы мүмкүн:
1) диссертацияны коргогондон кийин аталган кызмат орундарында эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштесе;
2) он жылдан кем эмес илимий-педагогикалык (илимий) иш стажы болсо;
3) “Scopus” жана/же “Web of Science” же болбосо РИНЦ системалары тарабынан индекстелүүчү импакт-фактору 0,2ден кем эмес илимий мезгилдүү басылмаларда окумуштуулук наамды изденип алуу үчүн даярдалган электрондук аттестациялык делодо көрсөтүлгөн илимий адистиги боюнча бештен кем эмес макаласы болсо.
4) Эмгектери диссертацияны коргогондон кийин жарыяланууга тийиш.
5-глава. Аттестациялык делолорду окумуштуулар кеңешинде жана ЖАКта кароо тартиби
16. Окумуштуулук наамды изденүүчүлөрдүн электрондук документтерин сунушталган жер боюнча кароо жана тариздөө тартиби Окумуштуулук наамдарды изденип алууга аттестациялык делолорду тариздөө боюнча нускаманын жана ушул Жобонун талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
17. Окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин окумуштуулук наамды ыйгарууга сунуштоо жөнүндө чечими электрондук жашыруун добуш берүү менен ар бир талапкер боюнча жеке кабыл алынат. Электрондук жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы окумуштуулук наамды изденүүчүнүн жеке кабинетинде автоматтык түрдө чыгат.
18. Окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин жыйыны эгер анын ишине кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса укуктуу деп эсептелет.
Окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин окумуштуулук наамды ыйгаруу маселеси боюнча чечими эгер жыйынга катышкан кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси ага добуш берген учурда оң деп эсептелет.
19. ЖОЖдун жана/же илимий жана илимий-техникалык уюмдун окумуштуулар кеңешинин окумуштуулук наамды ыйгаруу боюнча өтүнмөсүн кароо үчүн окумуштуулук наамды изденүүчү ЖАКтын сайтында өзүнүн жеке кабинетин ачат.
20. ЖОЖдун жана/же илимий жана илимий-техникалык уюмдун окумуштуу катчысы окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин жыйынынан кийин 15 календардык күндүн ичинде ЖАКка окумуштуулук наамды изденүүчүнүн электрондук аттестациялык документтерин жиберет.
21. Документтердин толук эместиги же алардын туура эмес таризделгендиги аныкталган учурда ЖАК аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн окумуштуулук наамды изденүүчүнүн электрондук аттестациялык делосун окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинде карабастан, кайтаруу себептерин негиздөө менен толуктап иштеп чыгууга кайтарат.
Мындай учурда окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө маселе боюнча чечим кабыл алуу мөөнөтү электрондук аттестациялык дело кайрадан ЖАКка келип түшкөн күндөн тартып белгиленет.
22. Окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңеши ЖАКтан электрондук аттестациялык делону алган күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде аныкталган бузууларды оңдоого милдеттүү.
Ошол эле учурда окумуштуулук наамдын аттестатын берүү маселеси боюнча чечим кабыл алуу мөөнөтү толуктап иштелип чыккан электрондук аттестациялык дело кайрадан келип түшкөн күндөн тартып эсептелет.
23. Окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө өтүнүчтү кайрадан берүү шарты ушул Жобонун талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
24. ЖОЖдун жана/же илимий жана илимий-техникалык уюмдун окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңеши окумуштуулук наамдарды изденип алууга электрондук аттестациялык делонун белгиленген талаптарга шайкештиги жана тариздөө үчүн жоопкерчилик тартат.
25. ЖАКта окумуштуулук наамды изденүүчүлөрдүн аттестациялык документтерин кароо мөөнөтү эки айдан ашпоого тийиш.
26. Белгиленген талаптарга шайкеш келбеген учурлар кайталанса (3төн көп жолу) окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңеши тарабынан илимий наамдарды ыйгарууга сунуштоо ЖАКтын чечими менен алты айлык мөөнөткө токтотулат.
6-глава. Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө документтерди нострификациялоо
27. Чет мамлекеттерде илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерге берилген окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтердин эквиваленттүүлүгүн таануу жана белгилөө (нострификациялоо) изденүүчү иштеген уюмдун өтүнүчү же анын арызы боюнча ЖАК тарабынан жүргүзүлөт.
28. TOP 500 QS World University Rankings жана Times Higher Educationге кирген мекемелер тарабынан берилген аттестаттар, окумуштуулук наамдар жөнүндө дипломдор Кыргыз Республикасынын аймагында автоматтык түрдө таанылат.
29. TOP 500 QS World University Rankings жана Times Higher Educationге кирген мекемелер тарабынан ыйгарылган окумуштуулук наамдарды кошпогондо, ЖАКта нострификациялоодон өткөн илимдин доктору, кандидаты, философия доктору PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасы бар адамдарга окумуштуулук наамдар ыйгарылышы мүмкүн.
30. Кыргыз Республикасынын тиешелүү мекемелерине педагогикалык жана илимий ишке чакырылган чет мамлекеттердин жарандарына окумуштуулук наамдар ушул Жобонун талаптарына ылайык келгенде ыйгарылышы мүмкүн.
7-глава. Окумуштуулук наамдардан ажыратуу (калыбына келтирүү)
31. ЖАКтын чечими менен окумуштуулук наамдар ыйгарылган адамдар төмөнкү учурларда бул наамдардан ажыратылышы мүмкүн:
1) окумуштуулук наамдын ээсинин арызы боюнча;
2) окумуштуулук наамдарды изденүүчүлөрдүн жасалма документтерди, мыйзамсыз жолдор аркылуу алынган документтерди, туура эмес маалыматтарды камтыган документтерди колдонгондугун күбөлөндүргөн фактылар аныкталса, анын ичинде:
– билими жөнүндө документ;
– ЖОЖдун жана/же илимий жана илимий-техникалык уюмдун окумуштуулар (илимий-техникалык) кеӊешинин окумуштуулук наамды ыйгарууга сунуштоо жөнүндө оӊ чечими;
– окумуштуулук наамдын аттестаты;
– чет мамлекетте алынган окумуштуулук наамды таануу жөнүндө күбөлүк;
3) ушул Жободо белгиленген окумуштуулук наамдарды ыйгаруу боюнча критерийлердин жана талаптардын бузулушу.
32. Окумуштуулук наамдардан ажыратуу (калыбына келтирүү) боюнча эскирүү мөөнөтү ыйгаруу жөнүндө чечим чыгарылган күндөн тартып 3 жылдан ашык эмес мөөнөттү түзөт.
33. Ушул Жобонун 31-пунктунда саналган учурлар аныкталганда ЖАКтын төрагасынын буйругу менен комиссия түзүлөт, ага төраганын орун басары, башкы окумуштуу катчы, тиешелүү аттестациялык бөлүмдүн жетекчиси, коомчулуктун өкүлдөрү кирет. Зарыл болгон учурда комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.
34. Комиссия тарабынан кароо жана тиешелүү корутундуну чыгаруу мөөнөтү 14 жумуш күндү түзөт. Зарыл болгон учурларда кароо мөөнөтү ЖАКтын жетекчисинин чечими менен 30 календардык күндөн ашык эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
35. Комиссиянын корутундусунун негизинде ЖАКтын төрагасы төмөнкүдөй чечим чыгарат:
1) окумуштуулук наамынан ажыратуу жөнүндө;
2) окумуштуулук наамынан ажыратуудан баш тартуу жөнүндө.
36. Окумуштуулук наамдарын калыбына келтирүү маселелерин кароо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) жеке жактын окумуштуулук наамын калыбына келтирүү жөнүндө арызы;
2) сот органдарынын чечими.
8-глава. ЖАКта апелляцияларды кароо
37. ЖОЖдордун жана/же илимий жана илимий-техникалык уюмдардын окумуштуулар (илимий-техникалык) кеӊештеринин окумуштуулук наамды ыйгарууга сунуштоо жөнүндө чечимдери боюнча ЖАКта апелляциялык комиссиялар түзүлөт.
38. Уюмдар жана мекемелер, ошондой эле изденүүчүлөр тарабынан арыз (апелляция) ЖАКка берилет.
39. Арыз (апелляция) ЖАКка тиешелүү чечим чыгарылган күндөн тартып 3 айдан кечиктирилбестен берилет. Апелляция негиздүү болууга тийиш, зарыл болгон учурда ага дооматтарды ырастоочу документтер тиркелет.
40. Апелляциялык комиссиянын курамына төраганын орун басары, башкы окумуштуу катчы, тиешелүү аттестациялык бөлүмдүн жетекчиси, ошондой эле ЖАКтын президиумунун мүчөсү (мүчөлөрү), илимдин тийиштүү тармагы боюнча адистер, коомчулуктун өкүлдөрү кирет.
41. Аппеляциялык комиссия тарабынан кароо жана тиешелүү корутундуну чыгаруу мөөнөтү 14 жумуш күндү түзөт. Зарыл болгон учурларда кароо мөөнөтү ЖАКтын жетекчисинин чечими менен 30 календардык күндөн ашык эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
42. Апелляциялык комиссиянын жыйыны эгер анын ишине тизмелик курамдын үчтөн экисинен кем эмеси катышса укуктуу болуп саналат.
43. Апелляциялык комиссиянын чечими боюнча жыйынга арыз ээси, изденүүчү жана апелляцияда коюлган маселелерге түздөн-түз тиешеси бар башка адамдар чакырылышы мүмкүн.
44. Апелляциялык комиссия кошумча материалдарды суроого укуктуу.
45. ЖОЖдун жана/же илимий жана илимий-техникалык уюмдун окумуштуулар (илимий-техникалык) кеӊешинин ишин токтотуу апелляция маселелерин кароону токтото туруу үчүн негиз болуп саналбайт.
46. Апелляциялык комиссиянын чечими корутунду түрүндө таризделет.
47. Апелляциялык комиссиянын корутундусунун негизинде ЖАКтын төрагасы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынат.
48. ЖАКка мурдагы негиздер боюнча кайрадан апелляцияга арыз берүүгө жол берилбейт.
49. ЖАКтын чечими менен макул болбогон учурда аны “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде талашууга болот:
1) окумуштуулук наамдардан ажыратуу (калыбына келтирүү) маселелери боюнча;
2) ЖОЖдун жана/же илимий жана илимий-техникалык уюмдун окумуштуулар (илимий-техникалык) кеӊеши тарабынан окумуштуулук наамдарды ыйгаруу (четке кагуу) боюнча;
3) окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө документтерди нострификациялоону четке кагуу боюнча.